КЫРГЫЗ -ЖАПОН БИЛИМ БЕРҮҮ ФОНДУНУН СЕРТИФИКАТТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

♦️Б.Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук моделдик-инновациялык китепканасында алгачкы ирет уюштурулган япон тили курсунун  мугалими Азимкулова Нургүл сабагын ийгиликтүү жыйынтыктады.  

♦️Япон тили курсу жарым жылдык окуу жылын аяктап, алдыңкы окуучуларга «Кыргыз-Жапон билим беруу фонду»тарабынан сертификаттар тапшырылды.

♦️Бул сабак аркылуу балдар япон тилинин негиздерин өздөштүрүп, ошол элдин маданияты менен да жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. 
Балдар жайкы эс алууга чыгышып, күзүндө "улантуучу" группа болуп, япон тили курсун улантышат, андыктан биз коштошпойбуз.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.