Кыргызстан комсомолунун 100 жылдыгына карата

99.93 КБ -

"Кыргызстан комсомолуна 100 жыл" Кочкор райондук китепканасында

Кочкор райондук И.Исаков атындагы маалыматтык китепканада

12-июль Кыргызстан комсомолунун 100 жылдыгына карата маданият бөлүмү, китепкана, музей кызматкерлери менен биргеликте жолугушуу кече болуп өттү.Жолугушууга Кочкор районунун комсомол ардагерлери чакырылды. Жолугушуу комсомол ардагерлерине значок тагуу менен башталып,музей кызматкерлери комсомолдорго арналган коргозмо менен тааныштырды. Ошондой эле китепкана тармагы пионерлер маршы менен кирип, ардагерлерди куттукташты. "Кыргызстан комсомолуна 100 жыл" аттуу баяндама окулуп ,слайд көрсөтүлдү.Элдик оозеки чыгармачылыктын бири болгон акийнек айтышуу болду. "Комсомолдун аты улук кадыры бийик " аттуу темада китеп коргозмого баяндама берилди.Маданият кызматкерлеринин ыр белектери менен коштолду, келген конокторго сөз берилип, каалоо тилек , ой-пикирлер айтылып,ардагерлерге узак омур, бакубат жашоо каалап жолугушуу кечени жыйынтыктадык.


Сыдыканова Жазгул





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!