
Мамлекеттин келечеги - анын эне тилинде
АК-ТАЛАА РАЙОНУНДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КΥНΥ БЕЛГИЛЕНДИ
Ак-Талаа районунда КРнын Президентинин “Улуттук - дем дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгын, Мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруу максатында Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагынын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик тил күнүнѳ арналган “Мамлекеттик тил-элдин руху, айылдын даңкы” аттуу иш чара ѳткѳрүлдү. "Мамлекеттин келечегин- анын эне тилинде" аталыштагы китеп көргөзмө уюштурулуп башкы китепканачы А.Абдразакова коргозмо боюнча келген меймандарга баяндама берди
Ага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Эсеналиев, КРнын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин улуттук консультант-эксперти З.Айылчыев, "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун негиздөөчүсү Акылбек уулу Бакай, белгилүү ырчылар, РБББнүн башчысы Ж.Сыдыков, мекеме жетекчилер, мугалимдер, окуучулар, китеп сүйүүчүлөр катышты.
Иш чаранын жүрүшүндѳ Кош-Дөбө айылынан чыккан акын Керез Койчун кызынын “Айылым алтын конушум” аттуу жаңы китебинин бет ачар аземи болуп, китепкана кызматкерлери ырларын көркөм окушту. Мындан сырткары, Керез Койчун кызынын бала чагын чагылдырган сценка коюлду. Акын өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу бөлүшүп, окурмандар менен баарлашты.
Бул иш-чара мамлекеттик тилди даңазалоо, улуттук нарктарды жайылтуу жана жергиликтүү калемгерлерди колдоо максатында уюштурулду.
Керез эженин ишине ийгиликтерди каалоо менен бирге калеминиз дагы да курчуй берсин демекчибиз!