
"Манас -улуттун улуу мурасы"
Кочкор райондук Исабек Исаков атындагы маалыматтык китепкана тармагында 4-декабрь күнү “Манас” эпосу күнү белгиленди. "Манас" эпосун сактоо жана жайылтуу максатында райондук китепкананада иш чара өткөрүлду. Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде Маданият министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган. Бул күндү белгилөөнүн максаты - Манас эпосун өлкөдө манастаанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү болуп саналат. Кочкор райондук китепкананада "Манас -улуттун улуу мурасы" аттуу иш чарага Маданият бөлүмүнүн башчысы С.Чоргоева, окурмандар,К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин окуучулары,М.Мусулманкулов атындагы музыкалык мектептин окуучулары мугалими К.Исаева менен келип катышышты. Ошондой эле төкмө акын Касымов Кубан Манастан үзүндү айтып, "Манас-улуу мурас" аттуу слайд көргөзүлдү. Райондук китепкананын директору Б.Султаналиева сөз сүйлөп,келген конокторго ыраазычылык билдирди.