«Мен — менин мыкты ресурсум» ачык эшиктер күнү
29–30-сентябрь күндөрү Кочкор райондук И. Исаков атындагы китепкананын алдындагы «Билим, өнөр дүйнөсү» чоңдорду окутуу борборунда «Өнүгүү бизден башталат» деген ураан алдында эки күндүк Ачык эшиктер күнү болуп өттү.
1-күн (29-сентябрь) «Мен — менин мыкты ресурсум» темасына:
Салтанаттуу ачылыш жана «ЦОВ Билим, өнөр дүйнөсү — биздин жол 2022–2025» аттуу видеопрезентация;
Жеке маршрут картасы менен таанышуу;
Кызыктуу оюндар — «Жашоо тең салмактуулугунун дөңгөлөгү», «Кызматташтык мунарасы», «Билим дарагы».
Катышуучулар командаларга бөлүнүп, позитивдүү энергия бөлүшүп, күндүн соңунда «өзү менен үйгө эмнелерди алып кетерин» айтып беришти. Эң активдүү катышуучулар номинациялар жана белектер менен сыйланышты. Атмосфераны өзгөчө кылган эсте калаарлык сүрөттөр атайын табличкалар менен тартылды.
2-күн (30-сентябрь) «Мүмкүнчүлүктөр биздин айланабызда» деген темада өттү.
“Өзгөрүүлөрдүн тарыхы” -аттуу тегерек столдо курстарды аяктаган катышуучулар өз ийгиликтерин бөлүшүп, билим алуу жаштар үчүн гана эмес экенин далилдешти.
Мотивациялык сессиялар «Эмне үчүн каалаган жашта окуу маанилүү?» деген темада өттү.
“Менин күчтүү жактарым”-аттуу оюнда катышуучулар өз потенциалын ачышты.
Кол өнөрчүлүк жарманкесинде катышуучулардын колу менен жасалган кийизден брелоктор жана чехолдор көргөзмөгө коюлду.
Иш-чаранын соңунда коноктор сунуш жана пикир кутучасына өз ой-пикирлерин калтырышып, белектерди алып, эсте калаарлык сүрөттөргө түшүштү.
Эки күндүк иш-чара ар бир адам үчүн билим жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын дагы бир жолу тастыктап берди.





