Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору менен кызматташтык
Э.Ибраев атындагы Нарын райондук борбордук китепканасы. Акыркы мезгилде республиканын айрым аймактарында кызамык (корь) жана гепатит «В» илдеттери кайрадан катталып,калк арасында жайылуу коркунучу жаралууда.Бул оорулардын жайылышын алдын алуу жана калктын саламаттыгын сактоо максатында,алдын алуу иш –чараларын күчөтүү талап кылынууда. Ушуга байланыштуу ,Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери Чакешова Бурул жана Курпукова Нурзат тарабынан ”Балаңызды кызамыктан коргоңуз”. “Кызамык жана гепатит бул кооптуу жугуштуу вирустук оору” деген темада тегерек стол маеги болуп өттү.Тегерек стол маеги Э.Ибраев атындагы китепкананын тейлөө бөлүмүндө өтүлдүү.