Нооруз - көктөм майрамы

  Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканада   “Нооруз - көктөм майрамы”  аттуу майрамдык салтанаттуу иш чара өзгөчө шаң  менен өттү.

Майрамдык иш чаранын максаты:  чыгыш элдеринин Нооруз майрамдарынын тарыхы, анын аруу тилектерин жаш муундарга жеткирүү, элди жерди урматтоого, патриоттуулукка тарбиялоо. Иш чарага Борбордук Азия Университетинде окуган ар улуттун өкүлдөрү болгон студенттер, К. Мамбетакунов атындагы педогогикалык коледжинин студенттери,№ Э.Ибраев атындагы орто мектебинин, №2 В.П. Чкалов атындагы мектеп гимназиясынын окуучулары катышышты.

 “Нооруз   ата- баба мурас кылган улуу күн” аттуу  китеп  көргөзмө чыгарылып, Нооруз майрамынын тарыхы тууралуу даярдалган видеослайд көрсөтүлдү.

Иш чараны Ж.Шералиев атындагы балдар  музыкалык  мектебинин  жаш комузчулары “Маш ботой”күүсү менен ачып, майрамдык маанай тарттуулашты. Ал эми №2 В.П. Чкалов атындагы мектеп гимназиясынын 8 классынын окуучулары атайын даярдалган программада  улуттук ыр, бий салт санааны чагылдырган көрүнүнштөр менен иш чараны көркүнө чыгарышты.

БАУнун студенттери пакистан, казак, тажик элдери Нооруз майрамын өздөрүндө кандай  майрамдалышы жөнүндө маалымат беришип, кыргыз студенти  комуз чертип берди

Иш чараны  жыйынтыктап китепкананын директору Байгабатова А.К.  активдүү  катышуучуларды  ыраазычылык каттары, баалуу  белек менен сыйлады.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!