
Иван Андреевич Крылов - Орус адабиятынын классиги, драматург, акыны тамсилчисине 255 жыл
13.02.24 Бүгүн Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкананын тейлөө бөлүмүндө орус адабиятынын классиги, драматург, акын - тамсилчи Иван Андреевич Крыловдун 255 жылдыгына арналган Эмне? Кайда? Качан? аттуу адабий интеллектуалдык оюн болуп өттү. Акындын таалим - тарбияга, акыл - насаатка ширелген чыгармаларын окутуу, коомдогу терс көрүнүштөрдү ажырата билүүгө үндөгөн, чыгармачылыкка шыктандыруу, китеп окуу аркылуу маданий, руханий, интеллектуалдык баалулуктарды жайылтуу максатында өткөрүлгөн бул иш - чарага Нарын районунун Өрнөк айылынын Ж. Өмүралиев атындагы орто мектебинин жетекчилиги, мугалимдери жана 9 классынын окуучулары, С. Нааматов атындагы НМУнин алдындагы квалификацияны жогорулатуу борборунун угуучулары - Нарын облусунан келген орус тили жана адабият мугалимдери, Нарын шаардык, райондук билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жана жалпы эле окурмандар, окуучулар катышышты.