Пушкиндин ырларын окуйбуз

Дүйнөлүк адабиятынын классиги, улуу акын Александр Сергеевич Пушкиндин 225 жылдыгына карата Нарын облустук китепканасында "Пушкиндин ырларын окуйбуз" аттуу поэзия сааты болуп өтту. А. С. Пушкин өзүнүн чыгармачылык кыска өмүрүндө лирик, прозаик, драматург катары XIX кылымдын башында орус адабиятынын жаңы доорун ачып, орустун азыркы адабий тилин биринчилерден болуп түзгөн. Анын чыгармалары дүйнөнүн бардык элдерине эстетикалык ырахат берип, аларды дайыма алдыга үндөп келет. Өзү айткандай, "Колдон жаралбаган өзүмө эстелик тургуздум..." - деп бекеринен айтпаса керек.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!