Тарыхтын тамыры — улуттун тагдыры!
25-февраль күнү Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында Кочкор райондук И.Исаков атындагы маалыматтык китепканасы тарабынан уюштурулган тарыхый мааниси терең салтанаттуу кече болуп өттү. Иш-чара эки залкар инсандын — изилдөөчү Кайырбек Конурбаевдин “Суяб-Ордокент-Кашкар, Баласагын” аттуу китебинин жана таанымал жазуучу Рыспек Адиевдин “Империялар кулаганда” тарыхый повестинин бет ачарына арналды.
Иш-чарага Кочкор районунун акими Досалиев Б.А. катышып, авторлордун көп жылдык талыкпаган эмгегине жана Кочкор өрөөнүнүн тарыхын тактоодогу салымына жогору баа берди. Салтанатта тасма кесүү аземи менен жаңы эмгектердин тушоосу расмий түрдө кесилди.
Кеченин алкагында авторлор тарабынан даярдалган мазмундуу презентациялар көрсөтүлдү.
Кайырбек Конурбаев изилдөөсүнүн жыйынтыгын ортого салып, Кочкор өрөөнүндөгү байыркы шаарлардын ордун жана тарыхый маанилүүлүгүн илимий далилдер менен тааныштырды.
Рыспек Адиев өзүнүн жаңы китеби аркылуу Улуу Кыргыз Каганатынын доорун жана каарман Кутулун кыздын тагдырын көркөм тил менен жандандырып, конокторду тарыхтын тереңине жетеледи.
Бет ачар аземи шаңдуу концерттик программа менен жыйынтыкталды. Маданият бөлүмүнүн аткаруусундагы ыр-күүлөр кеченин мазмунун байытып, келген конокторго майрамдык маанай тартуулады.
Бул масштабдуу иш-чараны И. Исаков атындагы маалыматтык китепкана тармагынын Усулдук бөлүмү даярдаган.
Авторлорубуздун калеми курчуп, Кочкордун атын илимде жана адабиятта бийиктете беришсин!






