ТЕЗ ОКУУ СЫНАГЫНДАГЫ ЖЕҢҮҮЧҮ ОКУУЧУ - ТАШКЕНТ ШААРЫНА ЭС АЛУУГА ЖОЛДОМО АЛДЫ

ТЕЗ ОКУУ СЫНАГЫНДАГЫ ЖЕҢҮҮЧҮ ОКУУЧУ - ТАШКЕНТ ШААРЫНА ЭС АЛУУГА ЖОЛДОМО АЛДЫ📕📗📘

Китепканада окурмандар үчүн өзгөчө жана кызыктуу форматта- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгын мындан ары өнүктүрүү жана  23-апрель” Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө” карата  Б.Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук моделдик-инновациялык китепканасы жана”Таза билим окуу борбору” менен биргеликте  “Китеп окуп, акылыңа  акыл кош” деген темада тез окуу боюнча райондук  мектеп жашындагы окурмандар  арасында өтүлүүчү жеке жана командалык  сынак уюштурулду.

🗾Ташкент шаарына жолдомо утуп алган окуучу:   Ак-Моюн айылынын   Апыш Койчуманов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу    Мырзабаева Камила. Жекече сыйлык алган окуучулар:

1-орун Мукамбетмуса  кызы Элиза.  Большевик айылынын  А. Табылдиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу.

2-орун Черикбаева Амина.  Ак-Моюн айылынын   Апыш Койчуманов атындагы орто мектебинин  10-классынын окуучусу.

3-орун Кудайбергенова Айгерим  Калинин айылынын Т.Адыраңов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу.

Мектептер  арасында командалык сыйлыктар: 1-орун  Ак-Моюн айылынын Апыш Койчуманов атындагы орто мектеби. 2-Большевик айылынын   А. Табылдиев атындагы орто мектеби. 3-орун Ача-Кайыңды айылынын  Ой-Терскен орто мектеби 4-орун Казыбек айылынын  Н. Үсөналиев атындагы орто мектеби. Сынакка колдоо көрсөткөн: “Таза билим окуу борборунун” негиздөөчүсү Жыргалбек уулу Эрлан. Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы Мелис уулу Улукбек, 1991-1992-жылы туулган Ат-Башы айылынын азаматтары. “Тез окуу”-бул китеп окууга шыктандыруучу заманбап, кызыктуу жана интерактивдүү ыкма. Китепкана мындай жаңы формаларды колдонуу менен окурмандардын китепке болгон сүйүүсүн арттырууну уланта берет.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.