"Улут тили - улуу тил" аталыштагы адабий - поэтикалык кече

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканада  23 - сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн урматына жарыяланган бир айлыктын алкагында  "Улут тили - улуу тил" аталыштагы адабий - поэтикалык кече болуп өттү. Кылым карыткан кыргыз тилибизди сактоо, сүйүү, жаштарды мекенчилдикке үндөө максатында өткөрүлүп жаткан бул иш - чарага Нарын шаарындагы жогорку жана атайын орто окуу жайларынын мугалимдери, студенттери, журналистер, жалпы эле окурмандар катышышты. Кечеде кыргыз тилинин басып өткөн жолун чагылдырган "Кыргыз тили кылымдарды карыткан..." аталыштагы сахналаштырган көрүнүш, кыргыз ооз эки чыгармачылыктын көөнөрбөс мурасы болгон "Манас" дастаны айтылып, комуз күүсү чертилип, макал, жаңылмач айтылып, табышмак жашырылып, акындардын эне тилибизди даңазалаган ыр саптары катышуучыларга тартууланды. Эн активдүү катышуучулар китеп белегинин ээси боло алышты.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!