“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” - Тарых, мурас жана келечек тууралуу маек

15-апрелде Исабек Исаков атындагы райондук китепканада Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”- аттуу уңгужолу тууралуу Жарлыгынын алкагында тегерек стол форматындагы маек өткөрүлдү.

Иш-чарага маданият кызматкерлери, театр жана музей кызматкерлери, китепканачылар жана улуу муундагы окурмандар катышып, улуттук аң-сезим, руханий мурас жана коомдук биримдик маселелери терең талкууланды.

Катышуучулар “улуттук дем” түшүнүгүнүн терең маңызын, анын тарбиялык жана тарыхый ролун белгилешти. Айрыкча ар бир жарандын мекенчилдик сезимин ойготуудагы маданият кызматкерлеринин орду чоң экенине басым жасалды.

Иш-чарада уңгужолу тууралуу кеңири слайд-презентация көрсөтүлүп, катышуучуларга жарлыктын негизги максаты менен түшүнүктүү жана таасирдүү формада таанышууга мүмкүнчүлүк берилди.

Бул маанилүү иш-чараны уюштурууну жана мазмундук бөлүгүн даярдоону райондук китепкананын башкы библиографы Жакыпова Кенже жетектеп, жогорку деңгээлде алып барды. 
Ушул сыяктуу иш чаралар алдыда уңгужолунун ар-бир багытын тереңдетип ачып берүү максатында ай сайын өтүлө бермекчи. 

“Улуттук дем – бул биздин тамырыбыз. Тамыры бар эл гана дүйнөлүк бийиктикке көтөрүлө алат.”


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.