Улуттун улуу байлыгы — китепкана

    2025-жылдын 27-майында Кочкор райондук китепканасында, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгынын алкагында, Китепканалар күнүнө арналган майрамдык кече жогорку деңгээлде уюштурулуп өттү.

Бул иш-чара “Улуттун улуу байлыгы — китепкана” атту теманын алкагында өтүп, китепкананын коомдогу руханий жана маданий орду даңазаланды. 🎉 Майрамдык кечеде көп жылдар бою китепкана тармагында талыкпай эмгектенип, өз кесибине берилген кызматкерлер: – Бекчороева Анара, Батырканова Таалай (Мантыш айылдык китепкананын башчысы) ардактуу эс алууга узатылып, аларга жылуу сөздөр, терең ыраазычылык билдирилип, белектер тапшырылды. Ошондой эле узак жылдар бою окурмандарга кызмат кылып, китепкана тармагына чоң салым кошкон ардагер китепканачы Касымова Розанын 70 жылдык мааракеси белгиленип, анын эмгеги бааланып өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө: – Китепкананын тарыхын чагылдырган слайд көрсөтүлдү, – “Урматка татыган өмүр жолу”- аттуу Анара эжекебизге арналган видеослайд тартууланды, – Китепканачыларга арналган куттуктоо видеолору коюлду. Кочкор райондук китепкананын директору Султаналиева Б.М. Маданият бөлүмүнүн башчысы Чоргоева С.А., муз.драма театрынын директору, райондук край таануу музейинин директору, маданият үйүнүн директору Сандыбаев С. Куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, китепканачыларды кесиптик майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдиришти. 💐 Майрамдык кечеге өзгөчө маанилүү учур катары, китепканага ысымы ыйгарылган акын,жазуучу, журналист Исабек Исаковдун келини — Майрам эже да катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, акчалай белек тапшырды.

Майрамдык кечеге ошондой эле айылдык китепканачылар да активдүү катышып, өз куттуктоолорун айтып, белектерин тапшырышты. 🎶 Майрамдык кече маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолуп, көтөрүңкү маанайда жыйынтыкталды. Бул өзгөчө күндү жогорку деңгээлде уюштурган тейлөө бөлүмүнүн башчысы Сооронбаева Гулмира.

📖 Китепкана — улуттун акыл-эс мурастары сакталган ыйык жай. Мындай иш-чаралар аркылуу биз улуттук маданиятты сактап, келечек муунга туура баалуулуктарды тартуулап жатабыз.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.