Улуу Жеңиш күнү куттуу болсун

Ардактуу мекендештер, урматтуу ардагерлер! Жаздын жыпар жыты менен кошо келген 9-Май — биздин тарыхыбыздагы эң улуу, эң даңктуу күн! Бул күндө жүрөктөр сыймыктануу менен согуп, көздөр эскерүү менен нымданат... Бул күндө биз тынчтыктын, эркиндиктин жана бейпил жашоонун баасын дагы бир ирет терең түшүнөбүз.

🎗Улуу Ата Мекендик согушта мекен үчүн канын төккөн, жанын берген баатырлардын эрдиги — бүгүнкү күнгө жарык чачкан шамдай түбөлүк күйүп турат. Алардын арбагы алдында таазим этебиз, тирүү калган ардагерлерге чексиз ыраазычылык билдиребиз!🫡

🎊Жеңиш менен келген жаз — баатырлардын белеги! Ар бириңиздин үйүңүзгө тынчтык, ырыскы, бакыт жана жаркын келечек болсун! Элибизде согуш эмес, шаттык жаңырысын! Амандык, бейпилдик жана биримдик ар дайым жаныңарда болсун!🎉

🎊Жеңиш күнү майрамыңыздар менен! Ушул бүгүнкү майрамдык күндү утурлай Нарын облустук, шаардык, райондук китепканаларынын кызматкерлери Смарт Паркта Нарын элине жана кичинекей бөбөктөргө  жагымдуу маанай тартуулашты.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.