Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына “Жоокер ыры” аттуу патриоттук ырлар конкурсу
Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканада 23-апрель -Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата мектептер арасында өткөрүлгөн “Жоокер ыры” аттуу патриоттук ырлар конкурсу болуп өттү.
Бул конкурс окуучулардын мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, патриоттук сезимин күчөтүү максатында уюштурулуп, шаарыбыздагы мектептерден келген таланттуу окуучулар өздөрүнүн жүрөккө жеткен ырлары менен көрөрмандардын алкышына арзышты. Иш-чарада Жеңиш темасына арналган ырлар аткарылып, ар бир катышуучу Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон ата-бабалардын эрдигин урматтоо менен сахнага чыгышты. Конкурсту өткөрүүдө демөөрчүлүк кылган калыстар тобу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук бирикмесинин ардагерлер кеңешинине, Нарын бириктирилген шаардык аскер комиссариатына, Нарын шаардык сотуна ыраазычылык билдиребиз.
1-орун: №4 Э.Ибраев а.о.мектебинин окуучусу Үсөнова Айназик
2-орун М. Сыдыков а.о мектебинин окуучусу Узенбекова Айдана
3-орун №9 А.Садыков а.о мектебинин окуучусу Асаналиев Эрбол.
Жеңүүчүлөр жана катышуучулар диплом жана эстелик белектер менен сыйланышты. Конкурстун жүрүшүнөн тартылган эң кызыктуу көз ирмемдерди сүрөттөрдөн көрө аласыздар!