None

48.11 КБ -

«ВАЛЬСТЫН ПИРИ - КАЛЫЙБЕК ТАГАЕВ»

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти Калыйбек Тагаевдин 85 жылдыгына карата Б.Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук моделдик -инновациялык китепканасында  «Вальстын пири-Калыйбек Тагаев» деген темада илимий конференция болуп өттү.

📘Бул иш-чарага  Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абдыкадыров Э.И. акимдин орун басары В.Бейшеналиевна,
Самыйкожо  уулу Мирлан-акын, 
КР Жогорку Кеңешинин депутаты,  КР Эмгек сиңирген   артисти Т.Асаналиев, КР Эл артисти М.Дүйшекеева,  белгилүү ырчылар А.Кыдыралиев, А.Каленов,А.Султанова,Т.Карагулов.А.Маратов,С.Турдубек уулу, Н.Талантбеков,К.Тагаевдин кыздары Махабат, Салтанат, туугандары, айылдаштары катышышты.

🪗Калыйбек Тагаев -Кыргыз элинин жүрөгүнө мукам обон, таза сезим жана терең мурастарын калтырган улуу инсан,композитор.
Анын обондору — элдин сүйүүсү, элдин үнү.
Ар бир ыры өз доорунун элесин, кыргыздын назик жан дүйнөсүн айтып турат.
«Элмира», «Назгүлүм», «Көл вальсы» сыяктуу чыгармалары элдин эсинде түбөлүккө сакталып, кыргыз маданиятынын алтын барактарына жазылды.
Калыйбек Тагаевдин  обондору — бул жөн гана музыка эмес, бул элдин жүрөгүнүн добушу.
🎤🎼🎵Ар бир обон, ар бир нотасы — жарык дүйнөгө боёк кошкон өмүр сыяктуу.
Жарыңыз өчсө да, обоңуз жашайт, эл менен бирге уланат.

🎶Жарык элесиңиз түбөлүк жашай берсин, улуу композитор! 🌺


Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.