Ыр дүйнөнүн шам чырагы – Жоомарт Чоробаевге 80 жыл

Ыр дүйнөнүн шам чырагы – Жоомарт Чоробаевге 80 жыл ✨

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасында улуу акын, сөз берекесинин ээси болгон Жоомарт Чоробаевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси жана "Мен эмнеге шаштым экен" аттуу китебинин бет ачаары жылуу маанайда өттү.

📚 Иш-чарада акындын калемине таандык баалуу эмгектерин камтыган китеп көргөзмө уюштурулуп, анын чыгармачылык жолуна арналган мазмундуу китеп баяндама берилди.

👨‍👩‍👦 Иш-чарага акындын жубайы, уулу, небереси жана композитор Камчыбек Жусупов катышып, Жоомарт Чоробаевдин адамдык болмушу, чыгармачылык мурасы тууралуу жүрөктөн чыккан эскерүүлөрүн бөлүшүп, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

🎤 Китепкана кызматкерлери акындын жүрөккө жеткен ырларын көркөм окуп, Нарын райондук маданий бөлүмүнүн артисттери жана обончу К. Жусупов анын обондуу ырларын аткарып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.

🎓 Нарын педагогикалык колледжинин мугалимдери жана студенттери да иш-чарага активдүү катышып, акындын чыгармачылык дүйнөсүнөн алган таасирлери менен бөлүшүп, иш-чаранын маанисин дагы жогорулатышты.

🌟 Бул күн — сөз дөөлөтүнөн нур чачкан акынга болгон терең урматтын, мурастын улануусунун, элесинин жаңырышынын кечеси болду.

#ЖоомартЧоробаев


Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.