«Ыр сабындагы өмүр” китеп көргөзмөсү
Нарын районундагы Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылдык китепканасында 10-апрель куну улуу акын Алыкул Осмоновдун 110-жылдыгына катарата "Ыр сабындагы өмүр” деген китеп көргөзмөсүнүн алдында, улуу акындын чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси болуп өттү.
Бул поэзия кечеси Достук орто мектебинин окуучулары (мыкты окурмандар) менен биргеликте алп акындын чыгармаларын жана ырларын муундан-муунга түбөлүккө мурас катары калтыруу жана даңазалоо иретинде өткөрүлдү.Иш чарага мугалимдер,соц адис катышты.
Иш чараны даярдаган Достук айылдык китепкананын китепканачысы: Мамбеткулова Кулмайра даярдады.