Жайкы лагер 2025 Нарын

«Жайкы лагер 2025»   Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагынын балдар болумундо  «Келгиле бирге Китеп окуйбуз» аталыштагы  жайкы эс алуу маалында кичинекей окурмандарыбыз үчүн эки жумалык лагерди ачты! Максатыбыз — балдарды китеп окууга тартуу, китепке  кызыктыруу жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү. Лагерь алкагында балдар: 🎨 Асфальт бетине сүрөт тартып, фантазиясын өстүрүүдө. 📖 Жомок дүйнөсүнө чөмүлүп, угуу көндүмдөрүн өнүктүрүүдө; 🖍️ Боямо сүрөттөр менен иштеп, моторикасын жакшыртууда; 🧩 Чогуу оюноо аркылуу достошуп, ой жүгүртүүсүн арттыруу менен алек. 📸 Төмөндө лагердин алгачкы күндөрүнөн кызыктуу ирмемдерди бөлүшөбүз: 👧 Асфальтка жомок каармандарын тартуу — бул балдардын фантазиясынын чегин кеңейтет! 👶 Жаш балдар боёмо иштери жана оюндар менен алаксып, китеп менен достошууда. 💬 Биз үчүн ар бир бала — бул келечектин окурманы! Китепке болгон сүйүүнү кичинекей курактан баштайлы! Китепканада жайкы лагердин алгачкы күндөрү кызыктуу өтүүдө!


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.