None

59.14 КБ -

Жаны дайындоо

ГҮЛЗАТ НУРМАНБЕТОВА НАРЫН ОБЛУСТУК С. ОРОЗБАКОВ АТЫНДАГЫ КИТЕПКАНАНЫН ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругунун негизинде Нурманбетова Гүлзат Садыркуловна 2026-жылдын 2-февралынан тартып Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкананын директору кызмат ордуна дайындалды.

Гүлзат Нурманбетова 1990–1995-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин орус филологиясы факультетин, 2005–2008-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1995–1999-жылдары Нарын шаарындагы Матена Сыдыков атындагы №7 орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.

2000–2016-жылдары “Нарын билим берүү долбоорлор агенттиги” коомдук уюмунун директору болуп иштеген.

2000–2015-жылдары “Аялдар баарына жөндөмдүү!” аялдар тармагынын Нарын облусу боюнча координатору жана мүчөсү болгон.

2006–2012-жылдары Нарын регионалдык маалыматтык-укуктук борборунун жетекчиси болуп иштеген.

2008–2024-жылдары “Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелери”альянсынын Нарын облусу боюнча координатору кызматын аркалаган.

2012–2014-жылдары Нарын облусунун консультативдик кеңешинин мүчөсү болуп, социалдык-экономикалык жана конфликттик маселелерди жөнгө салуу боюнча стратегияларды иштеп чыгууга катышкан. Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылышынын депутаты болуп иштеген.

2022–2023-жылдары тамактануу жана эмдөө боюнча мамлекеттик жана эл аралык долбоорлордо консультант жана координатор болуп иштеген.

2024-жылдын сентябрь айынан тартып “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун “Кыргызстанда кайтып келген аялдарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоону колдоо” долбоорунун Чүй облусу боюнча координатору болуп иштеп келген.

Ал Transparency International – Кыргызстан, ПРООН, Helvetas, IFES, Mercy Corps, Save the Children International, USAID жана башка эл аралык уюмдардын долбоорлорунда координатор, тренер, консультант жана эксперт катары иш алып барган.


Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.