Эркин Асаналиев

14.0 КБ -

“Жашоонун мотивациясы” аттуу сабак

   Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын укуктук-экономикалык окуу залында 18-август 2023 -жылы “Жашоонун мотивациясы” аттуу кезектеги сабак болуп өттү. Иш чарага мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын баккан энелер жана шаардык, райондук, облустук китепкананын кызматкерлери катышышты. Сабакты “Пир соломон” коомдук уюмдун башчысы, юрист жана адвокат, тренер , китепкананын көп жылдан берки өнөктөшү Эркин Асаналиев өттү. Сабактын катышуучулары: ийгиликтүү жашоо, мотивация деген эмне?  жашоону пландоо боюнча маалыматтарды алышты. Угуучулар кызыккан суроолорун беришип талкуу болду. Андан соң “Мен эмнеге тирүүмүн” аттуу видео ролик сунушталды. Аягында Сыймык Бейшекеевдин “Жашоо маңызы” аттуу ыры менен чай үстүндө баарлашуу болду.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.