Жаңы китеп, жаңы таасир, жаңы ой
Б.Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук моделдик-инновациялык китепканасына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун колдоосу менен Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 аталыштагы 100 000 нускада китептер А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана аркылуу басылып чыгарылып, 1383 нуска китеп белекке берилди.
Бул баалуу китептер Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан ишке ашырылып, окурмандардын пайдалануусуна сунушталды. Жаңы келген адабияттар - чоңдорго жана балдарга тарбиялык мааниси бар , мотивация берүүчү, заманбап китептер. Жайкы эс алууда, убактыңыздарды туура пайдалануу үчүн сиздерди китепканага чакырабыз! Китепкана ар дайым сиздер үчүн кызмат кылат.