"Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун- коопсуз келечек!" аталышындагы жаштар форуму
Ак-Талаа райондук К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү, Ак-Талаа райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 📚✨ "Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун- коопсуз келечек!" аталышындагы жаштар форуму болуп өттү!
Бул иш-чаранын алкагында Ак-Талаа райондук Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагы «Китеп – билим булагы», «Китеп – жан дүйнө азыгы» аталышындагы китеп көргөзмөсүн уюштуруп көргөзмөдө ар кандай темадагы — мотивациялык, ийгиликке жетүү жолдору, лидерлик жана өз алдынча өнүгүү тууралуу китептер коюлуп, жаштардын кызыгуусун жаратты. Башкы китепканачы Абдразакова Айзада жаш муундарга көргөзмөдө коюлган ар бир китептер боюнча кененирээк токтолуп баяндама берип жаштарды китеп окууга, үзгүлтүксүз өнүгүүгө жана билимге умтулууга үндөдү. Көргөзмөдө жаштар үчүн актуалдуу болгон китептер сунушталды, Бул көргөзмө жаштарга ой жүгүртүүгө, өзүн өнүктүрүүгө шыктандыруучу маанилүү кадам болуп, ар бир окурман үчүн өзүн тапкандай баалуу китептер болду.
📖🔥 Биздин максат – жаштарды билимге, ийгиликке жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө шыктандыруу жана китеп аркылуу кең дүйнөгө жол ачуу! Оку, өнүгүү жолун танда! Китеп — сенин эң жакын кеңешчиң! Бул форумда ар түрдүү номерлер, сахналашкан көрүнүштөр жана мотивациялык сөздөр менен коштолуп, келечек муундарга зор таасир калтырды. Жана ошону менен бирге эле Kahoot программасы аркылуу даярдалган суроолор ойнотулуп жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилип жаштар форумдун башынан аягына чейин активдүү катышып беришти.Районубузда өткөрүлгөн жаштар форуму жогорку деңгээлде өтүп, жаштардын ынтымагын, демин жана келечекке болгон ишенимин көрсөттү. Келечек билимдүү жаштардын колунда! Китеп оку, ойлон, өнүк! 🌱 Жаш муун – биздин келечек! Аларга туура багыт, туура тарбия берүү – бул баарыбыздын милдетибиз. Даярдаган: Г.Исаева