Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун-коопсуз коом
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылдык Чынгыз Айтматов атындагы китепканасында “Жаңы муун – жаркын келечек,таза муун –коопсуз коом” аттуу иш чаралардын планынын негизинде балдарга карата зомбулукту азайтуу максатында “Балдардын укуктары жана коргоо механизмдери” аталышындагы тегерек стол болуп өттү.
Иш чарага айылдык кеңештин депутаты, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, социалдык маселелер боюнча кызматкерлер, мектеп окуучулары, медицина кызматкери, маданият кызматкерлери катышышты. Иш чарада китеп көргөзмө чыгарылып Дөбөлү айылдык китепкананын китепканачысы Сатарова Тынара кененирээк токтолуп маалымат берди.