Жумамүдүн Кадырманбетов эскерүү кече
14-ноябрь 2025-жылы укуктук экономикалык окуу залы жана Манас залы тарабынан даярдалган коомдук ишмер, ардагер “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын жумурияттык Кеңешинин мүчөсү, КДКнын Нарын облустук Кеңешинин тең төрагасы, Нарын районунун ”Ардактуу атуулу” наамынын ээси Жумамүдүн Кадырманбетовду эскерүү кечеси жана өмүрүнүн акыркы жылында жарык көргөн “Санжыра жана азыркы доорубуз тууралуу учкай кеп” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.
Хандан-бектен кайра тартпаган, элдин бийликке болгон нааразычылыктарын, мүдөөсүн дипломатиялык жол менен жеткирген, эл үчүн, мамлекеттин өнүгүшү үчүн жанын да аябаган, ошол кездеги КДКнын карлыгачтарынын бири, Нарын жергесинен чыккан чыгаан демократ уулу Жумамүдүн Кадырманбет агабыз жөнүндө даярдалган “Эмгеги менен элдин эсинде калган Жумамүдүн Кадырманбетов” аттуу слайд көрсөтүлүп, арнап куран окулду. “Санжыра жана азыркы доорубуз тууралуу учкай кеп” аттуу китеби боюнча кыскача маалыматтар берилип, агабыздын классташтары, санаалаштары, КДКда чогуу иштеген замандаштары, бир туугандары, жубайы сөз сүйлөшүп, Жумамүдүн агабыздын бейнесин ачып беришти.
Эл арасынан суурулуп чыгып, элдин мүдөөсүн, кыйналган элдин талаптарын жеткирүү менен бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп көптөгөн иштерди алып баргандыгы белгиленди. Мындай өмүрү өрнөк адамдарыбызды н басып өткөн жолу,эл үчүн кылган кызматы калайык калктын эсинде, келген жаш муундарга да тарбиялык мааниси зор экендигин баса белгилеп кетем.