Жусуп Мамай, Маначы, Залкар мансчы, Манас эпосу, манасчылар, балдар окурмандар, конференция

81.74 КБ -

4-декабрь Манас эпосунун күнүнө жана залкар манасчы Жусуп Мамайдын 105 жылдыгына карата «Кыргыздын рухун сактаган манасчы Жусуп Мамай» аттуу окурман конференциясы

КРнын президентинин инсандын руханий - адеп- ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын алкагында Манас эпосун жана кылымдан келе жаткан манасчылылык өнөрдү, ата-бабалардын миңдеген жылдар бою жыйнаган акыл казынасын, нарк-насилин, сөз өнөрүн жаштарга үйрөтүү жана маалымат алмашуу максатында, 4-декабрь Манас эпосунун күнүнө жана залкар манасчы Жусуп Мамайдын 105 жылдыгына карата «Кыргыздын рухун сактаган манасчы Жусуп Мамай» аттуу окурман конференция болуп өттү. С. Нааматов атындагы НМУнун мугалимдердин билимин жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо борборунун усулчусу Кадыралиева К. Нарын облустук сотунун басма сөз-катчысы Барктабас Белеков Оттук айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектептин мугалими Гүлжан Мусабекова окуучулары менен Жапар Чолпонбаев атындагы №10 орто мектебинин мугалими Түлкүбаева Нуржан, о.э шаарыбыздагы атайын орто жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери, студенттер катышышты. Конференция «Кыргыздын рухун сактаган манасчы Жусуп Мамай» аттуу китеп көргөзмөгө баяндама берилип, №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп- гимназиясынын окуучулары тарабынан Манас эпосун кыргыз, кытай англис, орус тилинде айтуу менен башталды. Конференциянын жүрүшүндө

“Манасчынын Манас эпосун айтып калуусу”

“Манасчынын ата бабалары”

“Жусуп Мамайдын вариантындагы манастын 7 урпагы”

“Ж. Мамайдын Манас айтуудагы көркөмдүк өзгөчөлүгү”

“Кенже эпосторду жана дастандарды айткан Жусуп Мамай” деген темадагы докладдар окулуп, “ Манастын жети муунун кагазга түшүргөн Жусуп Мамай” аталыштагы видео слайд көргөзүлдү. Аягында Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкананын директору Анара Байгабатова катышуучуларга “Ыраазычылык кат” тапшыруу менен Жаныбек Мааданбек уулунун

Тарыхтын болгон сырдашы,

Таланттын болгон курдашы.

Таң калтырат деңиздей,

Тарыхты тактап ырдашы.

Жүз Гомерге барабар,

Жусуптун жалгыз бир башы- деген ыры менен жыйынтыктады.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.