“Зордук-зомбулукка, адам сатууга жол бербейли”

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасында окуучулар арасында маанилүү дебат!

“Зордук-зомбулукка, адам сатууга жол бербейли” темасында Нарын шаардык мектеп окуучуларынын арасында дебат таймашы болуп өттү.

Бул жолку талкуу “Резолюция: Зордук-зомбулук көйгөйүн мыйзам эмес – билим чечет” деген резолюциянын айланасында өтүп, эки тарап өз позицияларын талашка салды:

🔷 Ырастоочу тарап – резолюцияны колдоп, билим – алдын алуу, тарбия жана өзгөрүүнүн башаты экенин далилдөөдө;

🔷 Төгүндөөчү тарап – резолюцияга каршы чыгып, мыйзам – коргоо жана жоопкерчиликтин негизги инструменти экенин жактады.

Таймашты баалоодо калыстар тобу иш алып барды:

Андабеков Нурбек Турдугазиевич – КР Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү, калыстар тобунун төрагасы

Жумак уулу Айбек – Нарын облустук сот департаменти

Нурманбетов Кутман Моңолдорович – Нарын ОИИБ, ЖИИнын улук инспектору, милициянын майору

Мураталиева Бурул – С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасы, тейлөө бөлүмүнүн башчысы

Сатарова Упагул – С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасы, усулдук бөлүмдүн башчысы

🏆 Финалга чыккан командалар 10-декабрда акыркы беттешке чыгышып, жыйынтык ошол күнү белгиленет.

Жаштардын сергек ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, коомдогу олуттуу көйгөйлөргө активдүү үн кошкон бул иш-чаранын мааниси чоң.


Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.