5-март Ак калпак күнү
Бүгүн, 5-март — Ак калпак күнү 
Сагынбай Орозбаков атындагы китепканада бул маанилүү күнгө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук ак калпактын тарыхы, анын ыйык мааниси жана кыргыз элинин маданиятындагы орду тууралуу кеңири маалымат берилди.
Ак калпак — жөн гана баш кийим эмес. Ал намыстын, абийирдин, акылмандыктын жана тазалыктын символу. Илгертеден бери ак калпак эр-азаматтын жаш курагын, даражасын жана жашоо жолун чагылдырып келген. Ар бир оймо-чийме өзүнүн терең маанисине ээ болуп, муундардын байланышын көрсөтөт.
Мындай иш-чаралар улуттук баалуулуктарды сактоого, тарыхыбызды унутпай, маданий мурасыбызды кийинки муундарга жеткирүүгө өбөлгө түзөт.
Элибиздин бай тарыхы менен сыймыктанабыз 
Ак калпак күнүңүздөр менен! Ар бир үйдө ынтымак, биримдик жана береке болсун