"7-апрель Элдик революция күнүнө” карата “Баатырларга таазим” аттуу эскерүү кече
Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагынын Асан жакшылыков атындагы айылдык китепканасы жана ошондой эле Жипара Исабаева атындагы китепканасы тарабынан “ 7-апрель Элдик революция күнүнө” карата “Баатырларга таазим” аттуу эскерүү кечеси өттү.
Иш чарага Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери,Соц.кызматкер, мекеме жетекчилер, мугалимдер жана окуучулар катышышты. Иш чараны даярдагандар: Миң - Булак айыл аймагынын Асан Жакшылыков атындагы китепкананын китепканачысы Сакенова Умүт жана Ж.Исабаева атындагы китепкананын китепканачысы Эркинбек кызы Айпери.