Китеп кербени-2023 Кочкор райондук китепканасында
Кочкор райондук Исабек Исаков атындагы маалыматтык китепкана тармагында "Китеп кербени-2023" Акын, жазуучулар менен жергиликтүү жазуучулардын жолугушуу поэзия кечеси болуп өтту.
Кечеге Бишкек шаарынан жана Нарындан келген акын, жазуучулар Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Кадыракунов Керимбек,Кокулов Калчоро, КРнын эл акыны Карбалас Бакиров,Адиев Рысбек,Адиев Кубан катышышып, өз ырларынан корком окуп,китептерин белекке китепканага беришти.
Ошондой эле жергиликтүү акын, жазуучулар Чоргоев Муканбеткалый, Асанбек Бейшекеев,Ирсалиева Чынаркул, Назира Абдыгазиевалар өз ырларынан корком окушуп,акындар ортосунда талкуу болуп, өз ой пикирлерин айтышты. Жергиликтүү акын, жазуучулар да китептерин белекке беришти.
Кечеге окурмандар жана К.Кыдыралиев атындагы орто мектептин окуучулары, маданият кызматкерлери да катышышып ыр белек тартуулашты.Маданият бөлүмүнүн башчысы С.Чоргоева сөз сүйлөдү.
Поэзия кеченин соңунда райондук китепкананын директору Султаналиева Бурулсун Мадылкановна келген конокторго ыраазычылык билдирип,сөз сүйлөп жыйынтыктады.