Манасты кара сөзгө айланткан калемгер - Бактыбек Максутов

   Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканада “Манасты кара сөзгө айланткан калемгер Бактыбек Максутов” деген темадагы КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук жазуучулар союузунун мүчөсү, Коомдук Манас академиясынын академиги,  Ардактуу прфессор наамынын ээси, жазуучу, драматург   Бактыбек Максутов  менен жолугушуу жана “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”  үчилтигинин  кара сөз менен басылып чыккан 5 китебинин  бет ачары өттү.

  Жолугушуу кечеси Кыргыз Республикасынын Президентинин  өкүлчүлүгүнүн апаратынын башкы адиси Арунов Т, КРнын маданияттына эмгек сиңирген ишмер Молдарынов Камчыбек, Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу А.Тыныбеков атындагы орто мектебинин Бектемирова К окуучулары менен, Нарын шаарындагы орто мектептеринин жана НГУнун мугалимдери, китепкана кызматкерлери катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө “Тарых жана каармандык Максүтовдун чыгармаларында” аттуу китеп көргөзмө уюштурулуп, “Улуу эпостун изилдөөчүсү Б. Максүтов”  деген аталыштагы видео слайд даярдалып катышуучуларга  сунушталды. Бул иш-чара улуттук адабиятка жана маданиятка чоң салым кошкон, кыргыз элинин тарыхын жана каада-салтын чагылдырган үчилтиктин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кечеде автор Б.Максутов китептин жаралыш тарыхын, анын маңызын жана келечектеги пландарын бөлүштү. Жолугушууга келгендер жазуучу менен түз баарлашып, өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирип, китептерге кол тамга алышты. Мындай жолугушуулар улуттук мурасты сактоо жана жайылтуу максатында өткөрүлүп, адабият сүйүүчүлөрүнө жана окурмандарга чоң таасир калтырат.