"Соттун мыйзамдуу чечими – акыйкатты орнотуунун булагы” аттуу сынактын жыйынтыгы

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын укуктук-экономикалык окуу залы тарабынан даярдалган 10-декабрь Адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө, Сот системасынын уюшулгандыгынын 100 жылдыгына  карата “Соттун мыйзамдуу чечими – акыйкатты орнотуунун булагы” аттуу сынагынын жыйынтыгын чыгаруу максатында “Акыйкаттык – жашоонун маңызы” аттуу иш чара тартууланды.

Сынакка 10 команда катышты. Сынак 2024-жылы 21-октябрдан 21-ноябрга чейин мектептер,колледждер,лицейлер арасында жарыяланган. 26-октябрдан 6-ноябрга чейин даярдалып келген командалардын сценкаларын көрүү, баалоо болду.

Сынакты баалоочулар,китепкананын көп жылдан берки өнөктөштөрү: баалоочу топтун мүчөлөрү : КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү Андабеков Нурбек Турдугазиевич , экс омбудсмен, ардагер Жаанбаев Тойгонбай Сейитказиевич , китепкананын усулдук уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Сатарова Упагүл Бейшеновна жана баалоочу топтун төрагасы Нарын облустук сот департамент башкармалыгынын Нарын облусунун улук сот приставы Жунусалиев Эмилбек Абдыбекович мырза болушту.

ГРАН ПРИ - С.Нааматов атындагы университеттин алдындагы агрардык-техникалык-экономикалык колледжинин “Акыйкат” командасы.КРнын Акыйкатчысынын диплому жана 3000 сом акчалай сыйлык.

1-ОРУН - К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледжинин “НПК Жаш талант” командасы КРнын Акыйкатчысынын диплому жана 2000 сом акчалай сыйлык.

2-ОРУН - М.Мырзабеков атындагы №87 кесиптик билим берүү лицейинин “Адилет” командасы КРнын Акыйкатчысынын диплому жана 1500 сом акчалай сыйлык. 3-ОРУН - №2 В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин “Жетиген” командасы- КРнын Акыйкатчысынын диплому жана 1000 сом акчалай сыйлык.

3-ОРУН - №8 А.Буйлашов атындагы орто мектебинин “Биздин келечек” командасы КРнын Акыйкатчысынын диплому жана 1000 сом акчалай сыйлык. Андан сырткары жакшы жазылган сценарий үчүн, чеберчилик менен аткаргандарга, калган катышкан командаларга Сот департаментинин,облустук китепкананын ыраазычылк каты жана китеп, акчалай сый акылар менен сыйланышты.






Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.