Ырларында сырлар катылган - Арстанбек Буйлаш уулу

“Ырларында сырлар катылган Арстанбек Буйлаш уулу”  аталыштагы нукура акын Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармачылыгын эскерип, анын эмгектеринин жаш муундарга жеткирүү максатында Нарын шаарындагы №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебиндеги уюштурулган иш чарага Нарын облустук  С.Орозбаков атындагы китепкананын Манас таануу жана маалымат беруу бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.

Иш-чарада акын Арстанбек Буйлаш уулунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу атайын даярдалган видео-слайд көрсөтүлдү. Видео материалдарда акындын чыгармачылыгынын негизги өзгөчөлүктөрү жана анын кыргыз маданиятына кошкон салымы кеңири баяндалды.  С. Орозбаков атындагы китепкананын кызматкерлери  тарабынан уюштурулган атайын китеп көргөзмөдө Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармачылык мурастары чагылдырылган чыгармалар коюлуп, алар тууралуу С. Жакыпова  баяндама жасады. Китеп көргөзмө окуучуларга жана мугалимдерге акындын руханий мурастарын терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Иш-чаранын соңунда, катышуучулар үчүн "Кахут" платформасы аркылуу кызыктуу оюн уюштурулуп, Арстанбек Буйлаш уулу тууралуу суроолор берилди. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө  китеп белек кылуу менен иш-чара аяктады. Бул саамалык улуу инсандын мурасын жаштарга жеткирүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет.






Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.