Китепкана жөнүндө

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкана 103 960га жакын китеп фондусу бар, бай интеллектуалдык жана дүйнөлүк маданий жетишкендиктерди камтыган облустагы бирден бир маданий агартуу борбору.

  Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкана 103 960га жакын китеп фондусу бар, бай интеллектуалдык жана дүйнөлүк маданий жетишкендиктерди камтыган облустагы бирден бир маданий агартуу борбору.

Тарыхка кайрылсак Нарын өрөөнүндөгү эң алгачкы китепкана 1926-жылдын 1-январынан баштап Каракол-Нарын округунда окуу залдардын жана кызыл боз үйлөрдүн тармагы ачыла баштап, эң биринчи Нарында 1 окуу залы, 2 кызыл боз үй ачылган. Ошол эле мезгилде дыйкан боз үйлөрү уюштурулуп, саясий агартуучулар дыйкандардын сабатсыздыгын жоюу үчүн консультатцияларды берген.

1928-жылдын 20-мартында Нарын кантонунда 9 кызыл боз үйлөр уюштурулган. Бул Нарын жергесиндеги китепканаларды уюштуруунун тарыхый башталышы болгон. 1936-1938-жылдарда шаардык, 1939-жылдан 1960-жылга чейин Тянь-Шань облустук китепканасы болуп, облус жоюлганда кайрадан Нарын шаардык китепканасы, 1972-жылы Нарын облусу кайрадан түзүлгөндүгүнө байланыштуу ошол күндөн бүгүнү күнгө чейин Нарын облустук китепканасы жергебиздин маданиятына зор салым кошуу менен иш алып барууда. 

Эгемендүү Кыргызстан мамлекетинин тарыхындагы маанилүү саясий окуя катары 1995-жылы Манас эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөдө китепкананын жакшы ийгиликтерге жетишкендиги үчүн, Нарын облустук китепканасына Эл депутаттарынын Нарын облустук Кеңешинин XII чакырылышынын чечиминин негизинде 30-март 1993-жылы залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун ысымы берилген.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда 129 китепкана, анын  ичинен 1 облустук, 4 шаардык, 5 райондук  119  айылдык китепканалар калкты китеп жана маалымат менен тейлеп келет.

Замандын талабына ылайык облустук китепкана традициялык китеп жана маалымат берүүчү жай болбостон, убакытты туура пайдаланууга үйрөтүүчү, маалыматтык жана коммуникативдүү технологияларды активдүү пайдалануучу борборго айланып, мобилдик тейлөөнү уюштурууда көптөгөн проектилер менен иштер менен иштөөдө жакшы натыйжасын берип,  китепкананын иши жакшырууда.

2002-2023-жылдардын аралыгында 30 дан ашык Эл аралык уюмдар (ФСК, ЕВРАЗИЯ, ЕВРОСОЮЗ, ОБСЕ, ЮСАИД, АГА-ХАН, АКШ элчилиги) менен алакалашып иштеп, көптөгөн проектилер жазылып, грант алуу менен фондубуз жаңы адабияттар менен толукталып, замандын талабына ылайык материалдык-техникалык каражаттар алынып, окуу залдар инвентарлар менен жаңыланып, окурмандар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасы ылайыкташкан  имаратта ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул имарат 1933-жылы салынып, ошол кезде Нарын облустук коопсуздук башкармалыгына тиешелүү болуп, 1989-жылдан бери облустук китепкананын балансына өткөрүлүп берилген. Жалпы аянты 6787 м2, анын ичинен китепкана жайгашкан имарат 1722,14 м2  аянтын ээлеп турат.

   Китепканада 4 окуу залы, 2 компьютердик зал, тренинг борбору окурмандарды тейлейт, кардарлар WI-FI кызматынан пайдаланыша алышат.  Китепкана элчиликтин колдоосу менен жаны компьютердик технологиялар,  ксерокс, принтер менен жана  англис тилиндеги адабияттар менен камсыздалган.  Бүгүнкү күндө китепканада жалпы 79 компьютер, ноутбуктар, планшеттер, 2 сканер, 10 ксерокс,  2 видеокамера, 2 телевизор  окурмандар үчүн бардык кызматтарды аткарып келет.

2012-жылдан бери Нарын облустук китепканасында Кыргызстандагы Америка элчилиги тарабынан  Америка борбору өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

2021-жылы Германия республикасынын Вонн шаарынын DVV International  компаниясы китепканага «Чондорду окутуу борборун ачып», бул борборду тиешелүү эмеректер жана техникалык каражаттар менен камсыздап, иш жүргүзүп келүүдөбүз.

    2022-жылдын 6-сентябрында  Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору”  Нарын облусу боюнча 5 китепканада ачылып иш жүргүзүп келишүүдө. Облустук китепканага  15 ноутбук берилип  борбор жарандардын электрондук сервистерди колдонууну өздөштүрүүсүнө жана  санариптик билим деңгээлин өстүрүүсү боюнча иштерди алып барышууда.