Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмү

Нарын облустук  С.Орозбаков  атындагы  маалыматтык китепканасынын балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмү

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмү

Нарын облустук  С.Орозбаков  атындагы  маалыматтык китепканасынын балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмү  0 жаштан 14 жашка чейинки окурмандарды, ата-энелерди, балдар бакчаларынын тарбиячыларын жана мугалимдерди  керектүү маалымат менен камсыз кылып, жаш жеткинчектердин ар тараптуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында иш алып барат. Адамзаттын руханий байлыгынын алтын фондусун сактаган бул бөлүмдө китеп фондусу учурда   30892    нуска адабияттарды түзөт.  Анын ичинен 7636китеп кыргыз тилиндеги адабияттар,  23065 нускасы орус тилиндеги адабияттар жана 191нускасы англис тилиндеги адабияттар болуп эсептелет. Илимдин тармактары  боюнча 5077  нуска китеп, көркөм адабияттар 25815 нусканы , аудио басылмалар 59 нусканы түзөт.

 Биздин окурмандар   балдаргага арналган Мезгилдүү басылмалар: «Баластан», «Байчечекей» журналдары, өспүрүмдөр үчүн  «Айданек» газетасы  «Кырчын» журналдарынан маалымат ала алышат. Жыл сайын бөлүмдүн кызматынан 4500 ден ашык окурмандар пайдаланышат.     Жеке келип кетүүлөр 20 миң окурман, китеп берүү 38000ге жетет.

1998-2001-жылдары Сорос фондусунан «Теңир-Тоо балдарына укуктук билим берүү», 2006-2007- жылдары  «Сенин кубанчың-биздин кубаныч» аттуу долбоорлор колдоого алынып, натыйжада  «Кадам» реабилитациялык борбору менен биргеликте мүмүкүнчүлүгү чектелген балдарды дени сак балдардын катарына кошуу максатында балдардын билим алуусуна көмөк көрсөтүү, китепке болгон кызыгуусун ойготуу, кол-өнөрчүлүккө, сүрөт тартууга кызыктыруу  жана    компьютерде иштөөгө үйрөтүү менен иш алып барды 2008-жылдан баштап Ага хан фондусунун «Эм Эс Ди Эс Пи Кей Джи» «Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын»   алкагында  «Үй-бүлөлүк китеп окуу долбоору»   ишке ашырылып, 2008-2015 жылдар  аралыгында Нарын жергесинде 23 кичи китепкана уюштурулуп, айыл тургундарын, кичинекей бөбөктөрдү, кыргыз тилиндеги китептер менен камсыз кылып келүүдө.  2011 - жылы Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасынын балдарды тейлөө  бөлүмү  «Үй бүлөлүк  китеп окуу» долбоорунун «Ресурстук борбору»  катары дайындалып, окурмандарды эли жерин сүйүүгө, эне тилин, тарыхын үйрөнүп билүүгө багытталган иш чараларды байма бай өткөрүп келет. 

    2016-жылдан баштап Америка элчилиги тарабынан балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө  бөлүмү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, техникалык каражаттар, жумшак  мебелдер, стол, стулдар,  килемдер ,   кыргыз,  англис тилиндеги көркөм адабияттар менен камсыз болгон

Ошондой эле  окуучулардын жайкы каникул учурунда бош убактысын кызыктуу өткөрүүгө көмөктөшүү, китеп окууга болгон кызыгуусун ойготуу максатында   «Китептерге эс алуу жок» деген аталышта боз үйдөгү мобилдик китепкана уюштурулуп,андагы окурмандар үчүн улуттук каада салтты жайылтуу, айлана чөйрөнү таанып билүү, экологиялык  багыттагы  адабиятарды даңазалоо,  боюнча ар түрдүү тематикадагы иш чаралар, угуза окуулар   өткөрүлүүдө.

Окурмандардын маалыматкеа эркин кирүүсүн камсыз кылуу максатында өспүрүмдөр окуу залы , Балалык окуу залы, Үй-бүлөлүк окуу абонементи  Китепканадан сырткары тейлөө боюнча кызмат көрсөтөт.

Бөлүмдүн максаты:

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн маалыматтык дүйнөсүн кеңейтүүгө, китеп окууга жана дүйнөгө, жаратылышка, кол-өнөрчүлүккө болгон кызыгууларын арттыруу, окурмандардын мезгил менен бирге кадамдап,  үзгүлтүксүз билим алуусуна көмөк көрсөтүү.

Мүмкүнчүлүгү чектелген окурмандарга, мектеп интернаттарынын тарбиялануучуларынын китепке болгон кызыгуусун ойготуу максатында ыңгайлуу шарттарды түзүү менен жеринде  тейлөө жүргүзүп келет.




Маалымат менен бөлүшүңүз