Топтоо жана иштеп чыгуу бөлүмү

Топтоо жана иштеп чыгуу бөлүмү

Топтоо жана иштеп чыгуу бөлүмү

Бүгүнкү күндө 2023-жылга китеп фонду 104 062  түзөт.                                

Китеп фонду -  сатып алуу, демөөрчүлөрдөн, жеке авторлор, окурмандар, Улуттук китепканадан,  Эл аралык уюмдар тарабынан, Китеп палатасынан, китеп басып чыгаруучу басмаканалардан ж.б.  толукталууда.

Максаты: Жаш муундарды мамлекетибиздин өнүгүүсүнө, кыргыз элибиздин кылымдарды карытып келе жаткан ырым-жырым, үрп-адаттарды үйрөтүү, руханий адеп-ыймандык асыл наркты, жүрүм-турум  жана өз тарыхыбыз менен маданиятыбызды таанытууга, таалим-тарбия берген  адабияттарды топтоо болуп саналат.

Негизги милдети:  

Керектөөчүлөрдүн суроо талаптарын эске алуу менен  фондду дайыма толуктап жаңы адабияттар менен камсыз кылуу.

Жаңы адабияттарды кабыл алуу- китептерди санап баалары менен салыштыруу, ар бир нусканы талдап, алфавиттик тартипке келтирүү, «Эсеп каталогдон» карап чыгуу, бөлүмдөргө бөлүү,

Жаңы адабияттарды китепканалык жактан иштөө - китептерге штемпел басуу, эскертүү баракчасын чаптоо, паспортун жазуу, Инветардык номерин коюу, суммардык китепке эсептеп суммасын жазуу.

Жаңы адабияттарды систематизациялоо - адабияттар илимдин тармактары боюнча бөлүштүрүлүп, ар бирин мазмунуна анотациясына карап китепканалык таблица боюнча индекс жана автордук белгиси коюу. Китептердин ар бирине катологдорго жайгаштыруу үчүн карточкаларды. жазуу.

Катологдор менен иш алып баруу - адабияттарга жазылган карточкаларды алфавит боюнча «Алфавиттик» катологко, система боюнча «Системалык» каталогко жайгаштырылат, эскирген карточкаларды жашыртып кайра жазуу.

Документтерди фондудан чыгыштоо - жыл ичинде чыгыш болгон ар бир китепти инвентардык китептен чийип белгилөө, «Алфавиттик», «Системалык» жана «Эсеп»  каталогдорунан тазалоо.Чыгыш болгон адабияттарды акты боюнча эсептеп, суммардык китептен чыгыштоо.

Мезгилдүү басылмалар – китепканада Кыргыз почтасы аркылуу  24 наамдагы, 18 газета жана 6 журналга жазылуу жүргүзүлүп, окурмандар кеңири  маалыматтар менен камсыз болууда.




Маалымат менен бөлүшүңүз