Манас таануу жана маалымат берүү бөлүмү

Манас таануу жана маалымат берүү бөлүмү

Манас таануу жана маалымат берүү бөлүмү

"Манас" эпосу кыргыз элинин туу туткан сыймыгы, руханий азыгы , идеологиялык багыт алган жол көрсөткүчтөрүнүн бири.  Манас эпосунда кыргыз элинин каада- салты, үрп - адаты,тарыхы, маданияты , адабияты баардыгы камтылгандыктан кыргыздын энциклопедиясы десек жаңылышпайбыз.                   

Ар бир учурдун , доордун акыл менен айрып билчү өзгөчө мүнөздүү белгилери болот демекчи өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан кийин  Нарын облусу эркин экономикалык зона болуп жергебизге чет элден көптөгөн туристтер келе баштаган.ошондуктан аларга  кыргыздын ким экендигин жана каада – салтын, үрп -адатын буюм тайымдарын кеңири көргөзүү максатында «Бабам Манас осуяты-урпактарга »деген теманын алкагында «Осуят» бөлмөсү уюштурулган.                

Бул бөлмөдө Кыргызсандын гербин, желегин, Манастын 7 осуятты 3.*2.5метр бархатка сайылып түшүрүлгөн жана музейдин кээ бир буюмдарын, пейзаж сүрөттөрү ошондой эле «Манас –кыргыз руху», «Манас эпосу -кыргыз тарыхы», «Кыргызымдын Манасы- элдин энчиси»деген темаларда китеп көргөмөлөр уюштурулган. «Осуят» бөлмөсү 2 - ноябрь 1996- жылы  жергиликтүү бийликтин катышуусу менен салтантаттуу иш чарада ачылган.

Китеп фондусу «Манас» эпосунун ар кандай басылыштары эпос тууралуу чыгармлар менен толукталып өз окурмандарына, чет элден келген туристтерге жана меймандарга Манас бабабыздын осуятын дүйнөгө таанытууга көмөктөшүп келген. Окурмандарды Манас эпосу тууралуу маалыматты бир бөлүмдөн тейлөө максатында башка бөлүмдөгү "Манас" эпосу жөнүндөгү адабияттады чогултуп «Манас таануу жана маалымат берүү»  залы болуп 2000- жылдан бери окурмандардын суроо талаптырын канаттандыруу менен өз ишин улантып келет .

Бул Манас таануу бөлүмүндө эң көлөмдүү    С Каралаевдин айтуусундагы вариант 500 553сап, анда Манас, Семетей Сейтек, Кенен, Алымсарык Кулансарык деп беш муунга чейин  жана С Орозбаковдвун вариантындагы 180миң сап , Жусуп Мамайдын эпостогу башкы каармандардын сегиз муунуна чейин жеткире айткан 500 миң саптан турган варианттары жана башка манасчылар тууралуу адабияттар менен толукталган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан “Классикалык изилдөөлөр” сериялары китеби   биздин китеп текчебиздегин негизги оорунду ээлейт. Бул китептер академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясы астында жарык көргөн “Классикалык изилдөөлөр” сериясына кыргыздын көркөм сөз өнөрү, тарыхы, тили, этнографиясы, этнопедагогикасы, музыка, сүрөт өнөрү жана башкалар камтылган. Ошондой эле жергиликтүү акын- жазуучулардын чыгармалары жана көрүнүктүү инсандар жөнүндө адабияттар менен бөлүмдүн фондду толукталып турат .Бүгүнкү күндө 1700дөн ашык адабияттар менен жана мезгилдүү басылмалар: Теңир Тоо, Кут билим сабак Кыргыз Туусу ,Эркин Тоо газеталары менен камсыз болгон.




Маалымат менен бөлүшүңүз