Усулдук уюштуруу бөлүм

Усулдук уюштуруу бөлүм

Усулдук уюштуруу бөлүм

Бөлүм китепканаларга өздөрүнүн иш багыты боюнча методикалык жардам көрсөтөт

  • Сапарларды ишке ашырат;
  • Оозеки жана жазуу жүзүндөгү кеңештерди берет;
  • Стажировкаларды өткөрөт;
  • Отделдин профили боюнча семинарларга катышат;

Методикалык жана консультациялык иш катары  региондогу китепканаларды методикалык иш кагаздар менен, сунуштар, алардын суроо-талаптары жана кайрылуулары боюнча консультациялар менен камсыз кылуучу борбор катары иш алып барат.

Усулдук жана консультациялык иштер Кыргыз Республикасынын китепкана иши жөнүндө  мыйзамдарына, координациялык иш планына, жобого ылайык иштерди жүргүзүлөт.

Методикалык жана консультациялык иш-чараларды областтын борбордук методикалык бөлүмү, (методисти) жүргүзөт. Бөлүм узак мөөнөттүү координациялоочу жылдык, кварталдык иш пландарын, методикалык жана консультациялык кызматтын иши боюнча тексттик отчетторду түзөт.

Азыркы мезгилде облустук китепкана 129 китепканага, 4 шаардык, 5 райондук, 119 айылдык китепканага усулдук борбор катары ар таптуу методикалык жардамдарды көрсөтүү менен окурмандардын тейлөө сапатын жогорулатуу, жаңыча тейлөө ыкмаларын жайылтуу, китеп окууну жакшыртуу боюнча көптөгөн иш чараларды уюштуруп келет.

 Облустук китепкананын жалпы китеп фондусу 104062 нуска китепти түзүп, өтө уникалдуу улуттук мурастарды камтыйт. Китепканада иштин эң натыйжалуу методдорун жана формаларын жайылтууда шаардык, райондук, айылдык китепкана кызматкерлеринин квалификациялык билимин жогорулатуу боюнча облустук жана республикалык семинар тренингдер уюштурулуп турат.

Бүгүнкү күндө калкка жалпы адамзат баалуулктарын жана улуттук дөөлөттөрдүн, элдик нарк-насилдин негизинде тарбиялоо аркылуу алардын руханий байлыгын, жарандык өзүн-өзү таануусун, ата-бабалардын ыйык мурас катары калган дөөлөттөрдү баалап барктоо максатында  заманбап маалыматтык-китепканалык технологияларды колдонуу жана жайылтуу менен иш алып барат.   Китепкана жайгашкан аймактагы калкты  маалыматтык жактан  тейлөө алардын китеп окууга болгон активдүүлүгүн арттыруу менен китепканалык иштин жаңыча формаларын менен иштерди жүргүзөт. Алсак Облустук китепкана жыл сайын айылдык китепканаларга «Жылдын мыкты китепканасы», «Жылдын мыкты китепканачысы», “Мыкты айылдык китепкана”, “Туулган жерим асыл турагым”, “Жоокер ырын ырдайбыз”  ж.б темалардагы  кароо-конкурстарды өткөрүп келет. 

«Китепканадагы кадыр түн», «Китеп фестивалы» иш чаралардын облустагы демилгечиси жана уюштуруучусу болуп саналат.




Маалымат менен бөлүшүңүз