Укуктук-экономикалык маалымат борбору

Укуктук-экономикалык маалымат борбору

Укуктук-экономикалык маалымат борбору

                УКУКТУК-ЭКОНОМИКАЛЫК БОРБОРУ- КАЛК КЫЗМАТЫНДА.

 2002-жылы апрель айында Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык  китепканасынын алдында » Укуктук-экономикалык маалымат борбору»  официалдуу ачылып, калктын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын өнүктүрүүгө катышкан эң биринчи борбор болду.

                 Борбор «Кыргызстандын юристтери» Ассоцациасынын демилгеси менен «Сорос Кыргызстан», «Евразия» фондуларынын активдүү финансылык каржылоосу аркылуу жарандардын укуктук деңгээлин, укуктук маданиятын көтөрүү, маалымат жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, окурмандардын укуктук-экономикалык маалыматка болгон муктаждыгын канаатандырууга багытталган ушул борбор ачылып, заманбап технологиялар, дүйнөлүк интернет булактары менен  камсыздалып, чет элдик жана ата мекендик укуктук, экономикалык маалымат булактарына жол ачылып, мындан сырткары чакан жана кичи бизнестин өкүлдөрү үчүн интегралдаштырылган ресурстардын фондусу топтолуп,    «Токтом» маалымат базасынан пайдаланган  кардарлар өздөрүнүн укуктарын эффективдүү коргоого толук маалыматтар менен камсыз болушту.Азыркы учурда «Токтом» маалымат базасында 200000 ден ашык маалыматтар топтолуп, жарандардын маалыматка болгон муктаждыгы чечилүүдө.

               Борбор өзүнүн карамагындагы ресурстар (традициялык жана электрондук түрдө) менен жеке жана юридикалык жактардын укуктук-экономикалык маалыматка болгон муктаждыгын канааттандырууда оптималдуу шарттар түзүлдү. Актуалдуу темалар боюнча семинар, тренинг,тегерек стол маектери уюштурулуп, “Токтом” укуктук маалымат системасын колдонуу боюнча окутуулар өткөрүлдү. Борбордун китеп фондусун окурмандарга таанытуу максатында экскурсиялар байма-бай өткөрүлүп, китеп көргөзмөлөр уюштурулуп, керектөөчүлөргө тааныштырылып, маалыматтар  берилип турулду.

              Борбор ачылгандан баштап Нуржан Токтобекова, Токторбаева Замира, Кыдыралиева Гүлзат, Мусаева Уулкелди бөлүм башчы катары эмгектенип келсе, китепканачылар: Такырбашова Жамал, Жакыпова Саламат программист Улан Саргалдаев  жана проектинин жетекчиси +мүрбай кызы Чолпон эмгектенип келишкен. 2003-жылдан баштап “Китепкана... Укук... Маалымат...” аттуу укуктук маалымат берүүчү бюллетень чыга баштаган. Борбордо жергиликтүү кеңештин кызматкерлери , мамлекеттик кызматкерлер жана медиа кызматкерлери менен семинарлар өткөрүлүп, борбордун кызматынан байма-бай пайдаланып турушкан.

    Борбордун ишин улантуу максатында 2008-жылы «Укуктук экономикалык маалымдоо борборунун базасында маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү» аттуу долбоор Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму аркылуу Нарын облусунун бардык райондорунда укуктук- экономикалык  окуу  борборлору ачылып, техникалык каражаттар, адабияттар менен камсыздалып, интернет булагына кошулуп, “Токтом” маалымат базасынан пайдалана башташты.

    2009-жылы “Укуктук-экономикалык адабияттарды облустук, райондук, шаардык китепканаларга берүү” проектиси ОБСЕ тарабынан колдоого алынып, укуктук-экономикалык адабияттар менен камсыз болдук.

                  Борбордо 10409 экз китеп жана 4 наамдагы газеталар    менен керектөөчүлөрдү  тейлөөдөбүз. «Токтом» маалымат базасына жыл сайын жазылып, акчасын которуп, окурмандар үчүн шарттарды түзүп, келген керектөөчүлөрдүн суроо талабына жараша маалымат менен тейлеп келебиз.

                 Укуктук-экономикалык окуу залда керектөөчүлөр үчүн экономикалык, укуктук тармак боюнча тематикалык көргөзмөлөр уюштурулуп, актуалдуу темалар боюнча семинар,тренинг,тегерек стол маектери,жолугушуулар, талкуулар,сабактар шаарыбыздагы мектептер арасында сынактар, дебат конкурстар,  өткөрүлүп келди. Окурмандарды ийгиликке карай багыт берип, шыктандыруучу жаңы адабияттардын бет ачарлары, финансылык сабаттуулук, кыргыз элинин нарктуулугу, каада-салты боюнча онлайн-баяндамалар, мүмкүнчүлүгү чектелген энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын баккан энелер менен алардын жашоосунда алдыга умтулууга жардам берүүчү сабактар: «Аял энергетикасы», «Психологиялык абал жана психосамотика» деген темаларда АТЭФтин мугалими-тренер Мамбеталиева Гульнара Жолдошбековнанын,  “Жашоонун мотивациясы” аттуу темада “Пир соломон” коомдук уюмдун жетекчиси, юрист жана адвокат, тренер Асаналиев Эркиндин  жардамы менен өткөрүлдү.

 +түлгөн массалык иш чаралар боюнча маалымат булактарына интервьюлар берилип, «Теңир Тоо» газетасына да макалалар жазылып, коомчулук менен иш алып баруу жолго коюлган. +нөктөштөрүбүз болгон Нарын шаардык билим берүү бөлүмү, Нарын шаарындагы мектеп-лицейлер, Нарын юстиция башкармалыгы, КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгү, Ардагерлер кеңеши, Тайлак Баатыр  атындагы аскер бөлүгү, коомдук мамлекеттик эмес уюмдардын «Пир саломон», «Теңдеш», «Жаңы ысым», «Жаш лидер» клубу, «Кадам» реаблитациялык борбору, Нарын райондор  аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы,Нарын юридикалык колледжи,  жеке демөөрчүлөр  жана Медиа борбору менен биргеликте биргелешип иш алып баруудабыз.

             2022-жылы 7- сентябрда  КРнын Президентинин колдоосу менен жана катышуусунда биргелешкен проектилер: Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасындагы  Швецария элчилиги жана Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен “Жарандык жана санариптик окутуу борбору” онлайн форматта коомчулуктун катышуусу менен ачылып, элдин кызыгуусун арттырууда. Келген керектөөчүлөр электрондук кол тамга алып, “Түндүк” порталына кирүүгө мүмкүндүк алышууда. Түрдүү темадарда: “Мамлекеттик кепилдиктер”, “КЮоркот деген эмне”, Чечендик өнөр”, “Аялдар энергетикасы”, “Психосамотика”, “Акча менен кантип ырахаттануу керек?” ж.б темаларда офлайн жана онлайн сабактар өткөрүлүп турууда.

              




Маалымат менен бөлүшүңүз