Китепканадагы окуу залдар

Китепканадагы окуу залдар

Китепканадагы окуу залдар

Усулдук уюштуруу бөлүм

  • Китепкана ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында заманбап маалыматтык-китепканалык технологияларды колдонуу жана жайылтуу;
  • Китепканадагы маданий-массалык иштерди уюштурууда, алдыңкы иш тажрыйбаларды жайылтууда, китепкана кызматкерлеринин  социалдык активдүүлүгүн жана алардын коомдогу ролун жогорулатуунун, кесиптик чеберчиликтерин өстүрүүнүн үстүндө иштерди алып баруу;
  • Документациялардын эсебин, отчётун, статистикасын жүргүзүү эрежелери менен расмий көрсөтмөлөрдүн милдеттүү түрдө аткарылышын, иштин тартибин алтернитивасыз түшүнүү базасында түзүлгөн методикалык кеңеш берүү;
  • Облустук китепкана жыл сайын айылдык китепканаларга «Жылдын мыкты китепканасы», «Жылдын мыкты китепканачысы», “Мыкты айылдык китепкана”  ж.б.наамдары үчүн кароо-конкурстарды өткөрүп келет. Ошондой эле жылына өтүүчү облустук конференциялардын жана семинарлардын, «Китепканадагы кадыр түн», «Китеп фестивалы» иш чаралардын демилгечиси жана уюштуруучусу болуп саналат.

 

Окурмандарды тейлөө бөлүмү

Бул бөлүмдөн пайдалануу укугуна мекемелер, уюмдар, ишканалар, жынысына, улутуна, билимине, социалдык абалына, дин мамилесине карабастан бардык жарандар ээ.

Тейлөө бөлүмү билимдин бардык тармактары боюнча басылмаларды берет жана илимди жана маданиятты, билимди жана коомдук  турмуштун башка чөйрөлөрүн өнүктүрүү үчүн пландуу уюштурулган иш чараларды өткөрөт. (Окурмандардын ар кандай контингенттери үчүн адабий иш чараларды, китептердин авторлору менен жолугушуулар, жаңы китептин бет ачарлары, тарыхый окуяларга, белгилүү даталарга жана учурдун актуалдуу темаларына арналып өткөрүлгөн тематикалык көргөзмөлөрдү, баяндамаларды  уюштурат жана өткөрөт;

Бөлүмдө  «Дүбүрт» аталыштагы клуб жергиликтүү акындар

Окурмандарды тейлөө бөлүмүндө маалыматтык издөө аппараты -негизги  алфавиттик, системалык каталогдордон жана картотекалардан турат.

 

 Кошумча кызмат көрсөтүүлөр:

-Фонддогу адабияттарды иштен тышкары убакта берүү;

-Окурмандардын өтүнмөлөрү боюнча документтерди көчүрмөлөө үчүн тандоо;

-Китепкана боюнча тааныштыруу экскурсиясын уюштуруу;

 

Балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмү

Балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын ар тараптуу кызыгууларын жана керектөөлөрүн толук канаттандыруу, инсанды профессионалдык, адеп-ахлактык жана интеллектуалдык жактан өстүрүү максатында кошумча билим берүүнү уюштурат;

Кыргыз элинин байыртадан бери сактап келе жаткан баалуулуктарын  тарыхыбыз, тилибиз, динибиз, маданиятыбыз, салт-санаабыз, тарыхый эстеликтерибиз, нарк-насилибизди өсүп келе жаткан муундарага жеткирүүдө шаарыбыздагы балдар бакчалары, орто мектептери, гимназиялар менен биргеликте  маалыматтык массалык иш чараларды, конкурстарды,уюштуруп өткөрүп келет.

Бул маалыматтар жаштарга өткөндөгү каармандыктарды билүүгө жардамдашат, мекендин тарыхына, анын даңазалуу учурларына жана залкар адамдарына кызыгууну жаратат, тарыхты эсте сактап калууга, мекенчилдикти тарбиялоого өбөлгө болот.

«Китепке эс алуу жок» жайкы лагери боз үйдөгү мобилдик китепканада балдардын эркин китеп окуусуна жана бош убактыларын туура пайдаланууга үйрөтөт.

Балдар үчүн  «Чебер колдор» кружогу уюштурулган. (кийиз менен иштөөсүнө, түстүү кагаздар менен иштөөсүнө, сүрөт тартууларына шарт түзүлгөн)

Бөлүм  «Кадам» реаблитациялык борбордун тарбиялануучулары мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын китеп окуусуна көмөк көрсөтүп келет.

Манас таануу жана маалымат берүү окуу залы

Бул бөлүм “Манас” эпосундагы рухий баалуулуктар аркылуу  эл-жерин сүйгөн, ал үчүн барына даяр турган патриотторду, кыргыздын улуттук тилин, маданиятын, каада салтын, адеп-ахлак кенчтерин боюна сиңирген, элдин биримдиги, улуттун бүтүндүгүн  сактаган жаштарды тарбиялап келет.

Бөлүмдө тармактын темадагы маалыматты табууга жардамдашуучу библиографиялык көрсөткүчтөр, энциклопедиялар, сөздүктөр жна маалымат берүүчү колдонмолор топтолгон. Ошондой мезгилдүү басылмалар, журналдарды (архивдик иш) камтыйт.

Маалымат берүү бөлүмү билимдин бардык тармактары боюнча библиографиялык справкаларды аткарат, суролор боюнча адабияттардын тизмесин түзөт жана библиографиялык жана толук текстүү басылмалардан пайдаланууну камсыздайт.

Бөлүмдө «Жаш манасчылар» клубу иш алып барат.

 

 

 

Укуктук-экономикалык окуу залы

Укуктук-экономикалык окуу залын  укуктук-экономикалык адабияттар, мезгилдүү басылмалар, электрондук басылмалар, улуттук жана чет өлкөлүк укук тармагындагы толук текстүү маалымат топтомдору жана «Токтом» маалыматтык-укуктук системасы түзөт.

-Токтом-бул юристтерге, аудиторлорго жана бухгалтерлерге, банк жана каржы тутумдарынын кызматкерлерине, ишканалардын жетекчилерине жана мамлекеттик кызматтын адистерине аналитикалык иш үчүн эң күчтүү курал катары керек болуучу КРнын мыйзам чыгаруу жана нормативдик жана башка документтердин мамлекеттик эмес ири архиви боюнча эң толук маалыматтар базасы. Бул окуу залында «Токтом» маалыматтык-укуктук системасына кирүү бекер.

-Актуалдуу темалар боюнча семинар, тренинг, дебат, тегерек стол маектерин өткөрөт;

 

 

 

 

Америка бурчу

“Америка борборлору” программасы 2003 жылы Кыргызстанда биринчи жолу ачылган, Бишкектеги Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги жана жергиликтүү мекемелердин өнөктөш болуу багытында ишин баштаган. “Америка борбор” чакан ресурстук борбор катары саналып, Америкалык китепкана стилинде жасалгаланып, АКШ тууралуу соңку жана ишенимдүү маалымат аркылуу, Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын элдеринин ортосунда өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү максатында түзүлгөн.  Биздин китепканада дагы 2003-жылдан бери «Америка бурчу» өз ишин улантып келет.

Америка бурчунун азыркы убактагы ишмердүүлүгү:

- Келген окурман заманбап технологиялардын негизинде Интернет ресурстарына эркин кире алат;

- Ыктыярчыларга иштөөгө шарт түзүлгөн;

- Англис тилиндеги жана Америка жазуучуларынын котормолорун пропагандалоо;

- Орто мектептин окуучулары үчүн  англис тилин үйрөтүү, сүйлөшүү курстарын өтүлөт;

- Мамлекеттик кызматкерлер үчүн англис тили курсу;

- Компьютердик курс;

- Америка окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү менен виртуалдык маектер жана долугушуулар өтүлүп турат.

 




Маалымат менен бөлүшүңүз