Окуу залында китептерди колдонуу эрежелери.

Окуу залында китептерди колдонуу эрежелери.

Окуу залында китептерди колдонуу эрежелери.

  Абономенттик пайдалануу эрежелери:

1. Абономент- китепкананын структуралык бөлүмү, документтерди убактылуу пайдаланууга, белгиленген тартипте китепканадан сырткары алып жеке тейлөөнү жүргүзөт;
2. Пайдалануучу бир эле убакта 5 нуска китепти 30 күнгө ала алат. Эгерде ал китептер суралбаса 2 жолу китепканага келип же телефон аркылуу колдонуу мөөнөтүн узартат.
3. Ар бир китеп үчүн формулярга кол коет. 1-4-класстын балдарынын колу коюлбайт. Документти кайтарып бергенде китепканачы колун коюп өткөрүп алат. 4. Китепканачы телефон аркылуу же жазуу түрүндө 30 күн өткөндөн кийин пайдалануучуну эскертет. 
5. Окурмандын формуляры китепканалык учет, статистика боюнча милдеттүү форма болуп саналат. 

Окуу залында колдонуунун эрежелери. 
1. Окуу залы жашаган жерине карабай баардык окурмандарды тейлейт. Эгерде окуу билети жок болсо 1 жолу берилүүчү билет алат. 
2. Берилген документтердин санына чек коюлбайт. 
 Компьютердик залда колдонуунун эрежелери. 
1. Медиатека комьютердик зал китепкананын пайдалануу эрежелерин сактоо менен иштей турган атайын бөлмө. 
2. Иш баштоонун алдында керектөөчү инструктаждан өтүүсү керек, болбосо өз алдынча иштөөгө уруксат берилбейт. 
3.Компьютерлерди күйгүзүү, өчүрүү, тышкы жана ички туташтыруу, программаларды жок кылуу, отургузуу, операциялык системаларды отургузуу, жок кылуу, алардын конфигурацияларын өзгөртүү, ар түрдүү ремонттук иштерди китепканачынын кызматкерлери аркылууу гана жүргүзүлөт.
4. Пайдалануучулар компьютерге отуруунун жазылуу кезегин күтүп, белгиленген убакытты туура сактоосу керек.
5. Комьютерде иштөө өз алдынча жүргүзүлөт. Китепкананын кызматкери иш ордун даярдап, пайдалануучунун убактысын көзөмөлдөп, маалыматты сактоо жана чыгарып берүү кызматтарын көрсөтөт. Бүткөн сон пайдалануучу өзүнүн иш файлдарын компьютерден жок кылуусу зарыл
6. Пайдалануучуга комьютердин конфигурациясын, параметрлерин өзгөртүүгө, кандайдыр бир программаларды отургузууга, компьютердин иш столунда заставкаланы өзгөртүүгө тыюу салынат.
7. Пайдалануучу КРнын мыйзамдарын бузуп, согуш, терроризмди пропогандалаган, социалдык расалык, улуттук, диндик теңсиздиктерди, порнография жана наркотиктерди пропогандалаган, компьютердик вирустарды камтыган, маалыматтарды алууга жана жиберүүгө, көңүл ачуугу сайттарга кирүүгө тыюу салынат.
8.Экстремисттик багыттагы сайттарга кирүүгө. 9. Авторду укук боюнча мыйзамдуулуктун номаларын бузууга.
10. Интернетти коммерциялык максатта колдонуууга ( сатуу, товарлардын жана акы көрсөтүүнүн жарнактары)
11. Китепкана кызматкерлери пайдалануучулар колдонгон веб-сайттардын мазмуну менен таанышууга интернет тармагынан кандай ресурстар аларды кызыктырарын суроого, маалыматты көчүрүп же чыгарып берүүгө алар менен таарышууга жана маалымат укуктук жактан, жалпыга тиешелүү моралдык этикалык коомдук нормаларга каршы келсе чыгарып бербөөгө акысы бар.
12. Китепкана кызматкери пайдалануучу интернет тармагынан алган малыматтарга жоопкерчилик албайт.
13. Пайдалануучу компьютердик технка бузулса өз алдынча оңдобой, бөлүмдүн кызматкерлерине кайрылышы керек.
14. Компьютердик залдын эрежелерин бузган пайдалануучулар компьютерге отуруп колдонуудан четтетилет.




Маалымат менен бөлүшүңүз