Ачык эшиктер күнү
НАРЫН ОБЛУСТУК КИТЕПКАНАСЫ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН «АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ» болуп өттү!
2026-жылдын 12-октябрында Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасы тарабынан жаңы Нарын маданият борборунда «Ачык эшиктер күнү» аттуу маданий-маалыматтык иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты — окурмандарга жана шаар тургундарына китепкананын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу, жаңы билим алууга кызыктыруу, санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана улуттук баалуулуктарыбызды жайылтуу болду.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн төмөнкү багыттар боюнча кызыктуу программалар сунушталды:
Китеп көргөзмөсү — дүйнө таанымды кеңейткен китептер, жаңы идеялар жана билим дүйнөсүнө саякат.
«Өз укугуңду бил» укуктук сааты — жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган пайдалуу маалыматтар.
Санариптик сабаттуулук — смартфонду, QR-коддорду жана санариптик кызматтарды колдонуунун практикалык жолдору.
Нарындын туристтик мүмкүнчүлүктөрү — туулган жерибиздин кооз жаратылышын, тарыхын жана бай мурасын таанытуу.
Элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар — сайма саюу, билерик жасоо, түстүү жиптерден буюм токуу жана чыгармачылык өнөрлөр менен таанышуу.
Ден соолук боюнча мастер-класс — пайдалуу смузи жана жемиш чайларын даярдоо аркылуу сергек жашоонун маанилүүлүгүн даңазалоо.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жаңы маалыматтарды алып, пайдалуу көндүмдөрдү өздөштүрүп, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Жаңы маданият борборунда өткөрүлгөн бул иш-чара китепкананын коомдогу ордун дагы бир жолу айгинелеп, анын жөн гана китеп сактоочу жай эмес, билимдин, маданияттын, чыгармачылыктын жана санариптик өнүгүүнүн маанилүү борбору экенин көрсөттү.
Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасы мындан ары да окурмандарга жана жалпы коомчулукка сапаттуу маалыматтык кызмат көрсөтүп, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө, жаңы билимдерди жайылтууга жана улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган иш-чараларды уланта берет.
Ачык эшиктер күнүбүзгө келип, иш-чарага катышкан бардык конокторго ыраазычылык билдиребиз! Китепкана эшиги ар дайым сиздер үчүн ачык!
Жаңылыкты жүктөгөн: - Омурова Зуура





