None

115.87 КБ -

Китептин бет ачаары

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканада төрт китептин бет ачары болуп өттү.

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканада акын жана калемгер Орозгүл Черикбаеванын төрт китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Алар:

📖 «Манас Куйручук»

📖 «Аруу тилегим»

📖 «Эне ким?»

📖 «Жети аке, эки дос»

Иш-чарага Орозгүл айымдын жакын санаалаштары, акындар коомчулугунун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана студенттер катышты. Коноктор авторду жаңы китептеринин жарык көрүшү менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин жана жакшы пикирлерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер менен интерактивдүү баарлашуу уюштурулуп, кызыктуу суроолор берилип, жооптор айтылды. Ошондой эле студенттерге белектер тапшырылып, жаштардын китеп окууга, адабиятка жана руханий баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырган мазмундуу иш-чара болду.

Китеп — руханий байлыктын булагы, ал эми ар бир жаңы китеп окурманга жаңы дүйнөнүн эшигин ачат. Орозгүл Черикбаеванын калеминен жаралган эмгектер окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, адабият дүйнөсүнө өз салымын кошо берсин!

**Орозгүл айымга чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук жана калемине дем-күч каалайбыз!** 🌷📚


Жаңылыкты жүктөгөн: - Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.