"Ардагерлердин эмгеги - келечек үчүн өчпөс мурас" Эркин Акматалиева 80 жаш

Адам эмгеги менен даңктуу

        Китепкана тармагында жарым кылымга жакын талыкпай эмгектенип, чыгармачыл, кесипкөй жана жетекчилик ишмердиги аркылуу элибиздин урмат-сыйына ээ болгон, Теңир-Тоонун сыймыктуу энелеринин бири, библиография илиминин көрүнүктүү өкүлү, китеп дүйнөсүнүн билгич адиси, ардагер библиограф.

Эркин Акматалиева 1946-жылы 3-июнда Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында туулган. 1960-жылы Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайына тапшырып,            1964-жылы ийгиликтүү аяктаган. Алгач эмгек жолун Нарын облустук ооруканасында баштаган.

1973-жылдан тартып китепкана тармагына өтүп, Нарын облустук китепканасында китепканачы, бөлүм башчы болуп эмгектенген. 1991-жылы Нарын шаардык китепканасынын директору, 1994-жылы Нарын райондук борборлоштурулган китепканасынын директору, ал эми 1999-жылы Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкананын директорунун орун басары кызматтарын аркалаган.

1979-жылы Москва шаарындагы В.Маяковский атындагы мамлекеттик маданият институтунун китепкана жана библиография бөлүмүн сырттан окуп, ийгиликтүү аяктаган.

Эркин Акматалиева 40 жылдан ашуун убакыт китепкана тармагында үзүрлүү эмгектенип, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын адистери менен биргеликте “Нарын облусу”, “Муса Баетов” аттуу сунуш кылынган библиографиялык колдонмолорун түзүүгө катышкан. Ошондой эле “Өмүр өрнөк” аттуу тематикалык материалдарды жана көптөгөн буклеттерди даядап окурмандарга сунуштаган.

Край таануу иштерин өнүктүрүүдө “Нарын облусу” аттуу крайлык каталогду уюштуруп, “Алдыңкы тажрыйба” мектебин түзгөн. Мындай үзүрлүү иштеринин аркасында республикадагы мыкты китепканачы-библиографдардын бири катары таанылган.

Нарын шаардык борборлоштурулган китепканасында иштеп турган мезгилде “Манастын жети осуятын” ишке ашыруу максатында ар бир филиалдын өзгөчөлүгүнө жараша окурмандардын кызыгуусун арттырган кызматтарды уюштурган. Маселен, №5 филиалда “Табият менен таттуу мамиледе болуу” идеясын жайылтып, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, бак-дарактарды отургузуу, гүл өстүрүү, жаратылышты чагылдырган көргөзмөлөрдү уюштуруу аркылуу жаштардын көңүлүн өзүнө бурган.

Ошондой эле эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып, “Сорос–Кыргызстан” фонду, ЕККУ, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму, USAID, АКШ элчилиги жана башка уюмдар менен биргеликте облустук, райондук жана шаардык китепканаларда укуктук-экономикалык борборлорду түзүүдө демилгечи жана уюштуруучу катары эмгектенген. Массалык маалымат каражаттары менен иш алып барып, ар кандай маданий жана агартуучулук иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштура алган.

Республикалык, облустук жана райондук деңгээлдеги семинарларды өткөрүүгө активдүү катышып, китепкана-библиографиялык классификация таблицасын китепкана ишине киргизүү боюнча Орто Азия жана Казакстандын китепканаларынын семинарларын уюштурууга зор салым кошкон.

Эркин эже эмгек жолунда көптөгөн сыноолорду, татаал учурларды башынан өткөрүп, китепкананын өнүгүшү, туруктуулугу жана руханий дөөлөттөрдү сактоо үчүн бүт күчүн, билимин жана тажрыйбасын жумшаган. Китепкананын суугуна тоңуп, ысыгына күйүп, экономикалык кыйынчылыктарга карабай, өз кесибине болгон сүйүүсүн жоготпой, жаштарга насаатчы боло билген.

Ал жетекчи катары коомдук иштерде да, маданий жана социалдык турмушта да активдүүлүгүн көрсөтүп, уюштуруучулук жөндөмү менен эл арасында кадыр-баркка ээ болгон.

Эркин Акматалиеванын көп жылдык үзүрлүү эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал “Эмгектеги каармандыгы үчүн” төш белгиси, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси, “Эне даңкы” медалы менен сыйланган. Ошондой эле Нарын шаарынын Ардактуу атуулу наамына татыган. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана башка мекемелердин көптөгөн ардак грамоталарынын ээси.

Үй-бүлөдө беш уул-кыздын мээримдүү энеси, сүйүктүү чоң эне, таене катары да урмат-сыйга бөлөнүп келет.

Урматтуу Эркин эже!

Сизди 80 жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Сиздин өмүр жолуӊуз — ак эмгектин, адамгерчиликтин, руханий байлыктын жана элге кызмат кылуунун өрнөгү. Жарым кылымдан ашуун убакыт китепкана тармагына арнаган эмгегиңиз менен миңдеген окурмандардын жүрөгүнө билимдин жарыгын жандырып, маданият менен руханий дөөлөттөрдүн өнүгүшүнө чоң салым коштуңуз.

Сиздей өз ишине берилген, жөнөкөй, мээримдүү жана уюштуруучулук касиети күчтүү инсандардын эмгеги эч качан унутулбайт. Артыңыздан ээрчиген жаштарга жол көрсөтүп, насаатчы болуп келгениңиз— өзүнчө чоң бакыт жана сыймык.

80 жаш — бул акылмандыктын, кадыр-барктын, элдик сый-урматтын туу чокусу. Сизге бекем ден соолук, узун өмүр, көңүл тынчтыгын, үй-бүлөлүк бакытты жана балдарыңыздын, небере-чөбөрөлөрүңүздүн сыйына бөлөнүп,

ар дайым эл ичинде кадырлуу болуп, урмат-сыйдын төрүндө жүрө бериңиз!

80 жаш мааракеңиз кут болсун!  

Даярдаган: Кулжанова Жумагул


Макаланы жүктөгөн: - Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.