"Ардагерлердин эмгеги - келечек үчүн өчпөс мурас" Жунусалиева Жумабүбү

Адамды адам кылган асыл эмгек.

 Эмгек жолу ар бир кишинин өмүрүндө  чоң орунга ээ. Бул дүйнөдө ар бир адам бактылуу жашоону самайт. Ал эми бактылуулуктун башаты болсо эмгек.

Китепкана тармагына 45 жыл эмгегин арнаган Жунусалиева Жумабүбү Орозобековна пешенебизге барчылык келет, уюткулуу журтубуздун жан дүйнөсүнө тарчылык келбесин деп, азыраак маянасына канаат кылып иштеп келди.  Мезгил алдыбызга кандай гана милдеттерди койбосун, кандай гана кыйынчылыктарга туш болбойлу,  элибиздин санжыралуу тарыхын, маданиятын жайылтып, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу мыкты инсандарды тарбиялоого кошкон салымы зор.

Жунусалиева Жумабубү Орозобековна 1957-жылы 15-майда  Ат-Башы районунун Жаңы Күч айылында туулган. Билимди Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педогогикалык инститтун китепканачы-библиограф адистиги боюнча алган.

Эмгек жолун 1976-жылы Нарын облустук маданият башкармалыгында, 1977-жыдан тартып Нарын облустук балдар китепканасында китепканачы болуп иштөө менен баштаган. 1991-жылы балдарды тейлөө бөлүмунун башчысы, андан соң маркетинг бөлүмунун башчысы, усулдук-уюштуруу болумунун башкы методисти, маалымат берүү болумүнүн башчысы болуп үзүрлүү иштеп келген. Азыркы учурда укуктук-экономикалык борбордо башкы китепканачы болуп эмгектенип келет.

Жумабүбү Орозобековна иштин кайсы гана тармагында иштебесин иш билги, өз кесибин сүйгөн, алдыңкы адистердин бири катары китепканалык иштин жаңы формаларын, методдорун жайылтууда  кесипкөй кызматкер катары райондук, айылдык китепканаларга  усулдук жардамдарды көрсөтүү менен көптөгөн кызматкерлердин устаты болду десек жаңылышпайбыз.

 

Жумабүбу эженин ишмердүүлүгүнүн ар тараптуулугуна токтолсок, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана аларды  баккан энелердин  укуктук маданиятын калыптандыруусуна кошкон салымы, “Зордук-зомбулуксуз жашоого багытталган окуучулар арасында дебат, “Укуктук милдетиңди билүүнүн оң-терс жактары” аталыштагы  дил баян конкурсу, “Ата-эне- баланын бактысы” аталышта акыл таймаш, “Адам сатуу жана зордук зомбулукка каршы күрөшүү” аттуу дил баян жана “Соттун мыйзамдуу чечими-акыйкатты орнотуунун булагы” аттуу театр форумдарды, онлайн баяндамалардында сүйлөгөн сөзү, иштеген иши менен окурмандардын кызыгуусун арттырып, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келди.

          Ушул  жылдар аралыгында турмуш шарданы менен эчендеген асыл адамдар менен иштешип, элине адал эмгек кылып, чыгармачылык изденүү менен иштеп, эмгегине жараша акыбети кайтып Кыргызстан китепканалар ассоцациясынын Жылдын мыкты китепканачысы наамына жана “Китепкана жылдызы” төш белгисине, КРнын маданият министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине  жана Эркин Тоо газетасынын “Жылдын мыкты адамы” номинациясына жана  көптөгөн ардак грамоталарга, дипломдого татыктуу болгон.    

Жаштарга көөнөрбөс элибиздин, акын-жазуучуларыбыздын,  ата-бабаларыбыздын салт-санааларын, акылмандуулугун талыкпастан жеткирип, “Жолду баскан арбытат” дегендей чейрек кылым эмгектенип келген Жунусалиева Жумабүбу эженин мындан аркы эс алуу күндөрүндө алдыдагы арзуу тилектери ишке ашсын демекчибиз, үй бүлөсү менен бакубатчылыкта өмүр сүрүшүнө тилектешпиз.  Биз сиз менен сыймыктанабыз. Бар болуңуз. 

Даярдаган : Сатарова Упагул

 


Макаланы жүктөгөн: - Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.