М.Осмонов атындагы мектептин окуучулары экскурсияда
Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканада экскурсияга Нарын районундагы 8-март айылындагы М.Осмонов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары жана аларды коштогон мугалимдер болду. Китепкана кызматкерлери окуучуларды жана мугалимдерди жылуу тосуп алышты.
Алар китепкананын тарыхы жана иштөө тартиби жөнүндө маалымат беришти. Китепкананын ар кайсы бөлүмдөрү көрсөтүлүп, анын ичинде балдар адабияты, илимий адабияттар, көркөм адабият жана санариптик ресурстар бөлүмү.
Китеп сактоо жана пайдалануу эрежелери түшүндүрүлдү. Китепкананын креативдүү окуу бөлмөсүндө окуучулар үчүн кыска викторина уюштурулду. Окуучулар китепкана кызматкерлерине кызыктырган суроолорун беришип, өздөрү үчүн маанилүү маалыматтарды алышты.
Окуучулар китепкананын электрондук китеп окуу платформалары жана башка заманбап технологиялар менен таанышышты. Экскурсия абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Окуучулар билимге болгон кызыгуусун арттырып, китепканага окурман болуп, китеп окуунун маанилүүлүгүн түшүнүштү. Китепкананын кызматкерлери жана мугалимдер бул сыяктуу иш-чаралардын окуучулардын билим деңгээлин көтөрүүдө чоң мааниге ээ экенин белгилешти.
Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман