2-апрель Балдар адабиятынын Эл аралык күнү
2-апрель — Эл аралык балдар китебинин күнүнө карата өткөн китеп майрамынан жаркын ирмемдер менен бөлүшөбүз 
Бул күн биздин китепканада өзгөчө жылуулукка, балдардын күлкүсүнө жана китепке болгон сүйүүгө толду 

Кичинекей конокторубуз:
№16 “Ыйман”, №15 “Бактылуу балалык” жана “Жаркын келечек” балдар бакчаларынан келишип,
— ырларды көркөм айтып,
— кызыктуу тапшырмаларды аткарып,
— өз өнөрлөрүн көрсөтүштү 
Ар бир сүрөт — бул балдардын таза эмоциясы, чыныгы кубанычы жана китеп дүйнөсүнө болгон алгачкы кадамдары 
Китеп аркылуу тарбияланган бала — келечектин жарык инсаны!
Биз үчүн бул күн өзгөчө маанилүү болду 
Сиздер менен ошол жылуулукту бөлүшүп жатканыбызга кубанычтабыз!
Чоң рахмат бардык катышуучуларга жана тарбиячыларга 
Жаңылыкты жүктөгөн: - Омурова Зуура





