Окурмандар тарабынан эң көп суралган китеп
📚 «СЫНГАН КЫЛЫЧ» — ОКУРМАНДАР ЭҢ КӨП СУРАГАН КИТЕП!
Урматтуу окурмандар! ❤️
Тарыхый чыгармалардын ичинен Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романы окурмандар тарабынан өзгөчө кызыгуу менен окулуп, акыркы мезгилде эң көп суралган китептердин бири болууда.
📖 Китепканага келген окурмандар «Сынган кылычты» көп сурап, ал эми Narynlib.kg сайтында да бул чыгармага болгон кызыгуу жогору болуп жатат.
Бул — кыргыз тарыхына, улуттук мураска жана тарыхый инсандар тууралуу чыгармаларга болгон окурмандардын кызыгуусу күч экенин көрсөтөт.
⚔️ «Сынган кылыч» — тарыхты тааныткан, өткөндү ойго салган, муундан муунга жетчү баалуу чыгарма.
Эгер сиз дагы бул чыгарманы окуй элек болсоңуз — «Сынган кылычты» окуу үчүн китепканага баш багыңыз же Narynlib.kg сайтынан издеп көрүңүз! 📚🇰🇬
#СынганКылыч #ТөлөгөнКасымбеков #Narynlibkg #НарынОблустукКитепканасы #КитепОкуйбуз #КыргызАдабияты #Тарых #Окурман #Китепкана
Жаңылыкты жүктөгөн: - Омурова Зуура





