Энекем өмүрүмдүн шам чырагы

Энелер күнү — жылуулуктун жана ыраазычылыктын күнү 🌸

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасында Энелер күнүнө арналган таасирдүү жана жылуу иш-чара уюштурулду. Бул жолугушууга өзгөчө камкордукка муктаж балдар жана алардын энелери катышып, майрамдык маанайга бөлөнүштү. ❤️

Иш-чаранын жүрүшүндө балдар апалары үчүн өз колдору менен кооз открыткаларды даярдап, чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектерин айтышты. Ар бир жасалган белек — бала мээриминин жана ыраазычылыгынын символу болду. 💐

Ошондой эле энелер үчүн пайдалуу маалыматтар берилип, мобилдик тиркемелер боюнча чакан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Китепкана кызматкерлери тарабынан ырлар окулуп, майрамдын көркүн ачкан жагымдуу атмосфера түзүлдү.

Мындай жолугушуулардын негизги максаты — энелерге көңүл буруп, аларга колдоо көрсөтүү жана коомдо боорукерлик менен камкордуктун маанисин даңазалоо.

Иш-чара соңунда катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, жакшы маанай жана жагымдуу эскерүүлөр менен тарашты.


Жаңылыкты жүктөгөн: - Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.